Бийликтен коркпогон генерал


Жакында Баткен облусуна 25, Талас өрөөнүнө 80 жыл толуп, чоңдор май чайнашып, кызуу мааракени өткөрүштү. Эки салтанатка тең Өмүрбек Суваналиев чакырылып, бирок барбай коюптур. Атуулдук позициясы, бийликке карата каршылыгы болсо керек. Айтмакчы, ал ИИМдин 100 жылдыгына катышуудан да баш тартканын ырастады.
Аныгында, Өмүрбек Суваналиевди коомчулукка тааныштыруунун кажети жок. Ал өз портретин Акаев доорунда эле тартып койгон. Кылмыштуулукка кас күрөшү, мыйзамдуулукту туу тутканы менен башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Ар дайым адилеттүүлүк тарапка ыктап, чындыкты айтуудан тайманбайт эмеспи. Эгемендүүлүк жылдардан кийин ири операцияларды жасап, террористтин колунан гранатаны жулуп алганы, контрабандалык куралдарды вагондоп кармап, “Комиссар Каттани” наамына татыган. Мындай лакап атты эл ыйгарган эле. Генерал Суваналиев министрликке чейин көптөгөн кызматтарды аркалады. Бийликтин мыйзамсыз буйруктарын эч качан аткарган эмес, эгерде саясый жетекчилик менен келишпей калса, эшигин “тарс” жаап, креслосун таштап кете берген. Бул сапаты анын кызматтын кулу эмес экенин айгинелейт. Каарманыбыз кайсы бийлик болбосун калыс пикирин, сын көз карашын айтуудан жалтанбайт. Себеби, ал таза саясатчы. Өсүп келаткан жаш кадрлар Өмүрбек Суваналиевден үлгү алышса, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошушары шексиз. Арабызда генералдар арбын, бирок “Комиссар Каттани” жалгыз. Эч кимге окшобогон чыйыры, өзгөчө баскан изи көпчүлүккө өрнөк экени талашсыз. Мындай “көкжалдар” арабызда бар үчүн кыргыз эли эч качан мүңкүрөбөсө керек...
"Азия Ньюс" гезити











