Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыры жок, бирок каада күткөн вице-премьерлер

Кадыры жок, бирок каада күткөн вице-премьерлер

08-июнь, 01:48
819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кубатбек Боронов

Он жылдан бери жогорку кызматтарды аркалап келатса да, оозго аларлык ишин эстей албайсың. Жогорку жетекчилерге каяша айтпаган, бир мүнөздүгү менен өзгөчөлөнө алса керек. Көптүн бири. Адистиги боюнча айыл чарба курулушчусу. Бирок, бул кесиби менен эмнени кыйратты? Биринчи вице-премьер-министр катары да кандай пайдасы тийгенин билесиңерби? Жакында эле түштүктөгү чек ара көйгөйүн чечүүгө барып, коомчулуктун сын-пикирине кабылып, нааразычылык жаратты. Кубатбек Бороновдун карапайым калктын астында кадыры болбосо, анан кантип коңшу премьер-министри менен теңата сүйлөшсүн?..

Акрам Мадумаров

Вице-премьерлик кызматка келгенде алгачкы кесиби мал доктур экени айтылып, көпчүлүк астында ишенбөөчүлүк жараткан. Себеби, Акрам Мадумаров күч органдарына, чек арага кураторлук кылып, көзөмөлдөйт эмеспи. Мурдагы бийликтин убактарында жагымпоздук менен карьера жасаганга үлгүрүп, ошондон тарта элдир-селдир келатат. Былтыр Баткенге губернатор болгондон кийин чек ара чыры чыңалып, атышуулар арбыган. Учурда жогорку даражалуу кызматта отурганы, элдин эсебинен айлык “жегени”, түзөнүп кийингени болбосо, башка түккө арзычу иши барбы? Алсыздар кур айбатка айланганда...

Аида Исмаилова

Бул айым да вице-премьерлик кызматка келгени саясый чөйрөдөгүлөр жакасын кармашкан. Котормочулук кесипти аркалап, ар кайсы фирмаларда иштеп жүрүп, аягы 2015-жылы “Республика” партиясынан Жогорку Кеңешке келген. Депутат катары активдүүлүгүн, элдин көйгөйүн, чыркыраган чындыкты айтканын уктуңар беле? Кыргыз тилинде тыңгылыктуу сүйлөй албаганы аз келгенсип, бир күндүк аткаруу кызматында тажрыйбасы болбой туруп, анан бакыйган кызматты минип жыгылганы кандай? Эл тагдыры ушундай кадрдын колуна өткөнү өкүнүчтүү. Же сыланып-сыйпанып, кооз кийинсе эле жараша береби?..

Эркин Асрандиев

Банк кызматкери, финансист катары орто деңгээлдеги кадр. Былтыр Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө чамынып, 18 саат жоголуп кетип, бүтүндөй коргоочу органдарды издеткен. Ошентип, элге ушул “эрдиги” жагынан таанылганы эсибизде. Вице-премьерликке өтүүдө Жогорку Кеңештин депутаттарынан жеме угуп атса да, бакыйган өкмөттүн мүчөсү катары төрдөн орун алды. Азырынча алгылыктуу ишин көрө элекпиз. Көпчүлүктүн катарын толуктаган, сыртынан ийкемдүүдөй көрүнгөнү болбосо, башка алкоого ала турган кеби болбой жатпайбы. Экономикабыз кантип алдыга жылмак эле?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер