Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын элин ачкачылыкка даяр туруусун эскертти

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын элин ачкачылыкка даяр туруусун эскертти

17-июнь, 07:20
929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын “Эмгек” партиясынын отурумунда сөз сүйлөп жатып, түндүк кореялыктарды ачкачылыкка даяр турууну эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, 2020-жылы өлкөдө орун алган тайфундан улам дыйканчылык аймактар катуу жабыр тарткан. Анын кесепетинен буудай, жүгөрү жана башка дан азыктарынан түшүм аз жыйналган. Коронавируска байланыштуу киргизилген чаралар да кырдаалга таасир берген. Жыйында Ким Чен Ын элди ачкачылыкка даяр турууну эскерткен.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореяда 1990-жылы оор экономикалык абалдан улам ачкачылык болуп, өлкө тарыхындагы эң катаал ачкачылык болуп калган.

Маалымат үчүн: чет элдик маалымат булактары, Түштүк Кореянын агенттиктери, бул өлкөдөн качып кеткен жарандар Түндүк Кореяда ар дайым эле ачкачылык өкүм сүрөрүн жана айыл жергесиндеги карапайым калк ачкачылык менен жакырчылыктан жабыр тартарын айтып келишет. Бирок Ким Чен Ын өлкөдөгү чыныгы кырдаалды жаап-жашырып, дүйнөнүн башка мамлекеттери үчүн “идеалдуу өлкө” катары көрсөткөнгө аракет кылып келет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер