Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көлдүктөр өрүгүн саталбай кыйналууда

Көлдүктөр өрүгүн саталбай кыйналууда

19-июль, 18:34
437 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Июль айы ортолоп, Ысык-Көлдө өрүк бышкан мезгилде Россия менен Казакстанга жүк ташыган автоунаалардын тартыштыгы жаралды. Баасы да жылдагыдан эки эсе арзандап кетти. Мындан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары өрүгүн сата албай жатат.

Тоң районунун тургуну Бакыт Бекболсунов быйыл өрүктүн түшүмү жакшы болгонун, бирок баа төмөн болуп жатканын “Азатыкка” айтты.

“Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы Ак-Өлөң, Оттук, Кара-Шаар, Кара-Талаа айылдарында өрүк жакшы өсөт. Былтыр абрикостун килограммы 75-80 сомдон башталган. Бирок былтыр түшүм аз болчу. Быйыл түшүм жакшы, бирок баасы арзандап кетти. Араң 35-38 сом болуп жатат. Алармандар Россияда 70-80 сом эле болуп жатат, май кымбаттады, айдаткан автоунаабыз кымбат, бөз (марли) былтыркыдан 1,5-2 эсеге чейин кымбаттады деп атышат. Бербеске айла жок. Өрүк алма, алмуруттай эмес да кармап тургудай. 10-15 күн эле болот, ошол учурда сатып калбаса жарабай калат. Буга чейин бир жолу да мындай болгон эмес. Карантин учурунда деле 50-60 сом болгон. Быйыл төрт-беш жыл мурдагы баа менен алып жатышат”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер