Акыркы кабарлар
» Коом » Ысык-Көлдө эки киши иске ууланып каза тапты
Ысык-Көлдө эки киши иске ууланып каза тапты
03-январь, 16:56

Ысык-Көлдүн Ананьево айылында көмүрдүн исине ууланып 51 жаштагы киши жана жети жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 2-январда болгон.
Жабырлануучулар үйүндө иске ууланып, жергиликтүү ооруканага жеткирилип, эсине келбей каза болушкан. Окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.