Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кара-Суу РИИБ начальниги Өмүралиев коомдук абалды жөндөй албай, чабалдыгын көрсөтүүдө

Кара-Суу РИИБ начальниги Өмүралиев коомдук абалды жөндөй албай, чабалдыгын көрсөтүүдө

09-декабрь, 12:00
879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ККМге каршы нааразычылык акция Кара-Суу базарынан копшолуп, катуу ураан менен чыкты. Жаалданып. Албетте, ушуга жеткизген өкмөттүн оркойгон кемчилиги бар, бирок жергиликтүү бийликтин да шалаакылыгын эскерте кетели. Өзгөчө Кара-Суу РИИБ начальниги Тилек Өмүралиев коомдук-коопсуздук абалдын алдын албай, “күкүрт чагууга” шарт түзөндөй кайдыгерлиги кашайтты. Митингге чыккандар эки миңдей болсо керек. Мындай толкун кооптуу да. Жергиликтүү милиция эл менен иштеп, негизги нааразычылыктарды жогорку жетекчиликке жеткизип, алдын алуу иш-аракеттерин жүргүзүшү керек эле. Тилекке каршы, Өмүралиев өз милдетин аткарбай, көп нерседен кабарсыз жүргөнү коллегалары тарабынан сындалууда. Ээлеген ордуна татыксыз, көптүн шары менен гана кетип баратканы белгилүү. Мамлекеттик машинага жармашып алган камгак сыңарындай. Кызык, ушундай кадрлар канча катачылык кетирсе да, көз жумду мамиле боло береби? Эске салсак, Кара-Суу районунан оор кылмыштар ачылбай, Тилек Өмүралиев чабалдык кылып келгени жашыруун эмес. Бул жарамсыз экен. Дагы канчага чейин эркелейт? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер