Масалиев упай алууга көзү жетпей, депутаттык комиссияны жетектөөдөн баш тартты
Кумтөр боюнча депутаттык комиссияны жетектөөдөн Исхак Масалиев баш тартты. Көпчүлүк түшүнбөй калды. Эмне үчүн? Алгач Кумтөрдүн алтыны уурдалып атканы боюнча каңшаар тарап, эл арасында уу-дуу кеп жаралган. Көп өтпөй президент Садыр Жапаров чекит койду. Бир грамм да уурдалбасына кепилдик берип. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кумтөрдүн алтыны тыкыр эсептөөдө турганы, баардык отчёттор берилери эске алынды. Мындай шартта Исхак Масалиев кынтык издеп, бийликтин айыбын таба албасына көзү жетип, депутаттык комиссияны жетектөөдөн кетип калды. Кыраакы эмеспи, саясый упай ала албасына көзү жетти окшойт. “Учкашкандан кийин түшө качпа” дегендей, Исхак Абсаматович аягына чейин туруп, эл үчүн объективдүү баа берүүгө, ак-карасын ачык айтууга батынса болмок. Өзүнүн жеке кызыкчылыгына төп келбей калса эле ойноп кете береби? Пайгамбар жашына деле барып калды. Кичине калыстыгын көрсөтүп койбойт беле?
"Азия Ньюс" гезити