Володиндин астында Мамытов баштаган “чимкириктер” жеме угушту
Ток этерине келели. “АКШ, Европа силерди күтүп албайт. Башыңарга мүшкүл түшөр замат Россияга кайрыласыңар...” деген мааниде Россия Думасынын төрагасы Вячеслав Володин көзгө сайгандай айтты. Ооба, бул Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин эки тараптуу жолугушуусундагы көз ирмем.
Орустар деле кимдер менен сүйлөшүп атканын алдына ала билип, анан жыйынтык чыгарат да. Талант Мамытов жасалма лидер болуп, легитимдүүлүгү шек жаратса, Алмамбет Анапияевдин өкүл баласы Өмүрбек Бакиров отурса, Гүлшат Асылбаева, Айсулуу Мамашова сыяктуу коммерсанттар делегациянын курамына жармашып алышса, дагы жылуу сөз күтөсүңбү? Ал жерде “Бир Бол” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов гана 10 жылдан ашык убакыттан бери саясатта кайнап, өз алдынча көз карашы, аракети менен келаткан лидер эмеспи. Калгандары “чимкириктер” болуп атышса, Володин теңине алмак беле? Мына ушунтип мамлекетти, элибизди уят кылып салышты.
Aryba.kg