Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов: “Бизде 22 банк бар, бири дагы малды бордоп өстүрүүгө кредит бербейт”

Бакыт Мамытканов: “Бизде 22 банк бар, бири дагы малды бордоп өстүрүүгө кредит бербейт”

22-октябрь, 12:17
813 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда эт кымбат, мал арзан экендиги айтылууда. Мунун себебин кандай түшүнсөк болот?

-- Кыргызстанда 22 банк бар. Ошол банктардын бири дагы малды бордоп өстүрүүгө кредит бербейт. Бизде 1 млн. 550 миң бодо мал бар. Бирок ошонун ичинен семизи жок. Тоого, жайлоого чыгып барып келгенде жайыттан кичине чоңоюп гана келет. Ал жакшы сапаттагы эт топтоп келбейт. Этти союз учурунда семиртүү үчүн да багышкан. Атайын мал семиртүүчү базаларда гана эттендирип, бул жагы кенен болчу. Союз учурунда башка өлкөлөргө да жөнөтчүбүз. Ал убакта малды семиртүүгө атайын каражат каралчу. Союз тарагандан тартып малды бордоп семиртүүчү базалар жок болуп калды. Экинчиден, ушунча банктын ичинен биринде дагы мал семиртүү үчүн насыя берүү каралган эмес. Ушул боюнча быйыл президентибиз Садыр Нургожоевичке сунуш жөнөткөм. Өзгөртүү киргизбесек, бул көйгөй көпкө чейин улана берет. Мисалы, айыл чарбадагы бодо малды, жылкыны, койлорду семиртүү үчүн кредит берилиши шарт. Себеби, бизде малдын башы көп, бирок сапаты жок. Сапаттуу кылуу үчүн банктар аз пайыз менен насыя бере турган болсо, ошондо молчулук болуп, көйгөйүбүз азаймак. Бүгүнкү күндө деле Казакстандан, Өзбекстандан семиз мал издеп келип жатышат. Бирок биздин андай байлыгыбыз жок. Малдын да айырмасы болот. Мисалы, чарба малдын категориясы башка, эти кызгылт болот. Аны союп базарга сата турган болсоң, “бул өлүп калган малдын этиби?” деп кардарлар албайт. Базардан биз алган эттер атайын семиртилип, мууздаганда малдын жаны да кыйналбай, стандарты башка болот. 

-- “Азыр малдын көбүнө укол сайылып семиртилет” дегенге кошуласызбы?

-- Укол сайганы чындык, антибиотик же вакцина сайышат. Мисалы, бизде ар кандай мал оорулардын түрлөрү бар. Ошого ар бир алты ай сайын ветеринар укол сайып турат. Дагы эки-үч түрлүү укол сайылат. Элдин баары муну түшүнө бербей, “допинг саят” деген түшүнүккө айландырышкан. Мен өзүм андайды сайып көргөн эмесмин, бирок вакцинаны, антибиотикти сайган учурларыбыз бар. Мында ветеринардын кеңеши абдан зарыл. Мисалы, антибиотик сайылгандан кийин 15 күн сүтүн ичкенге болбойт. Музоосун эмизсе болот. 14-21 күнгө чейин этин жегенге болбойт. Ушуларды билип-билбей туура эмес ой жүгүрткөндөр арбын. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер