Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”

Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”

24-сентябрь, 16:42
26 069 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ковидден өлүмдөр болор алдында көп эскертип, айтып аттыңыз. Дүйнө жүзүнүн кооптонуп жаткан толкуну бизге да тийди. Бул күндөрдүн артында коркунуч жокпу? 

-- Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы! Эпидемия өз мыйзам ченеминде токтобой, толкубай эле "былгып күйгөн тезектей" бирде төмөн, бирде өйдө болуп өтүп баратат. Ошого жараша даярдык да, тийешелүү күрөш да өкмөт тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек! Эл да вирустун өмүргө өтө кооптуу экенин унутпай, ошол кырдаалга дайыма даяр болушу керек. Өрт болгондо гана чакасын көтөрүп чуркабай! Тилекке каршы, өкмөт, эл вирус бар экенин, ал "толкуса" миңдеген өмүрлөр бөөдө томолонорун аңдап-сезбегендей ой калат. Көчөгө чыксаң, эч нерседен кабары жоктой жөөлөшкөн эл, жүздөгөн адамдар топтолгон тойлор, шайлоо өнөктүгү ж.б.у.с. эпидемиологиялык талапка такыр туура келбеген иш аракеттер. Анан кантип “инфекция дагы күчөбөйт” деп айтабыз!? “Толкун болот, даярданабыз” деп, бирок толкунга чейин элге эркиндик берип, кадимкидей эле шайлоо өткөрүп атабыз. Элге "эркиндик" бергенден, оорудан алагды кылган иш аракеттен, ойдон алыс болсок жакшы болмок. Коронавирус – толкуп келгидей сезондук грипп эмес, бул өмүргө өтө кооптуу, жаштыгыңа, байлыгыңа, бийлигиңе карабаган мыкаачы оору! 

Бүгүнкү биздин медицина коронавирустун алдында өтө алсыз! Кепилдик такыр жок! Ошону унутпагыла, туугандар. Оорубагыла!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер