Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оппозициячыл талапкерлер Курсан Асановго жол бошотушса, 2-тур болот беле?

Оппозициячыл талапкерлер Курсан Асановго жол бошотушса, 2-тур болот беле?

30-декабрь, 13:18
2 172 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

29-декабрда талапкерлер ынтымакка келишти. Алар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова жана Каныбек Иманалиев. Булар оппозициялык блок болушары, саясый маданиятты көрсөтүшөрү күтүлүүдө. Катарлары дагы да толукталышы мүмкүн. Бир жагынан алганда, төрт талапкердин өз алдынча шайлоого баратышы эч нерсени өзгөртпөшү мүмкүн. Добуштар бөлүнөрүн эске алалы.

Эмесе, ишке ашуусу кыйын саясый жүрүштү ортого салгым келет. Эгерде бул сунуш орундалса, анда президенттик шайлоонун 2-туру болмок. Оппозициялык маанайдагы талапкерлер амбицияларын жыйыштырып, баары Курсан Асанов үчүн жол бошотушса, бир штабда иш кылышып, аны колдоп чыгышса, саясый карта өзгөрмөк. Бирок, “чү” дегенде эле Мадумаров кежейип, мындай бурулушка көнбөйт да. Садыр Жапаров менен чыныгы күрөшкө баргылары келишсе, ошол он чактысы шайлоодон четтешип, Курсан Асановдун талапкерлигин колдоп чыгышса, элдин маанайын өзгөртүүгө шарт түзүшмөк. 

Он жылдан бери шайлоочулар Мадумаровдон тажап калганын байкап келебиз. Бүтүн Кыргызстан боюнча... Ал эми түштүк регионунда Асановдун электораты башкалардан айырмаланып, колду бөлгөнгө жарап турат. Мындай шартта баары биригүү менен сүрөп кетишсе, эл ооп, шайлоонун 2-турга калуусуна негиз түзүлмөк.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер