Жусупбек Коргонбай уулу кыска аралыкта үч партияны көйнөктөй алмаштырды
“Республика – Ата Журт” партиясынан Жусупбек Коргонбай уулу 2015-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Көрсө, бул дагы туруксуз жаштардын катарында тура. Өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдиктен” аттанып, мандатка ээ болгуча төңкөрүш орун алды. Асылбек Жэнбековдун ишенимине кирип, командасында жүрбөдү беле? Көп өтпөй Бишкек шаардык кеңешине НДПК менен барып, мандатка дагы жетпей калды. Аталган партия добуш сатып алууга айыпталып, катардан сызылды. Туруктуу иши, анчалык байлыгы байкалбаган Жусупбек Коргонбай уулу кантип эле үлкөндөрдүн партияларынан орун алып келет? Баягы 2014-жылдагы Ош аэропортунан тонолгон 14 миллион долларга кандайча тийешеси бар? Ушул суроого жооп берип койсо, андан кийин кеп кезегин улантмакчыбыз.
"Азия Ньюс" гезити