Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Бул оору көп жылга созулуп, эч ким токтото албайт”

Арстан Алай: “Бул оору көп жылга созулуп, эч ким токтото албайт”

20-март, 15:17
12 749 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арстан иним, “кыргызга коронавирус жукпайт” дедиң эле. Бу жагы кандай болуп калды?..

-- “Умрага барып келген үч адамдан коронавирус аныкталыптыр” деп уктум. Канча жылдан бери какшап эле келатам, “Кыргыздын башын аттап, Арабияга ажылыкка барбаш керек, баргандар кырсыктайт” деп. Бул ааламдык билдирүү болгон. Бери дегенде эки жылдан бери эле какшап келатам. Коронавирус жөнүндө сурашканда “буга үч тармактагылар ооруйт. Адамдын гени көп жыл жашап, эволюциядан жетилгендиктен уулуу зат, энергия бөлүп чыгарат. Эң биринчи диндегилер ооруйт” дегем.

-- Эмнеликтен диндегилер?

-- Алар кысылып жүрүшөт. Кыжалат болуп, кайталанма жашоого түшүп алышкан. Экинчиси, техникага көз каранды болуп калган зомбилер. Мисалы, кино көрсө деле адам ошол кинонун таасиринен дендароо болуп, башы иштебей каңгып калат эмеспи. Бир башкача болуп, башы айлангансып. Мына ушулар ооруга бат чалдыгат. 

-- А үчүнчүсүчү?

-- Аял-эркектин эски жашоосу. Инь-янь – бул байыркы заманды айтып атам. Муну чечмелеш үчүн көп убакыт керек, убагы келгенде өзү эле чечмеленет. 

-- “Кыргыздар оорубайт” дедиң эле...

-- Ооба, кыргыздар оорубайт. Кыргыз өзү пендечиликке түшпөйт, кыргыз динге деле кирбейт. Кыргыз “апкелчи, жей берели” дейт. “А эртеңчи?” десе, “эртең буюрганын көрөбүз” деп, учур чак менен жашайт. 

-- Коронавирус эми эмне болот?

-- Бул оору көп жылга созулат. Эч ким токтото албайт. Биринчиден, адамзаттын аң-сезимин өстүрүп кетиш керек. Экинчиден, эмоциядан чыгаруу кажет. Үчүнчүдөн, эфирден сабак өткөндө “айыктым” деген адамдар бар. Ошолор эфир аркылуу энергия өткөрүүсү зарыл. Анан булар кыргыз болбой эле араб болуп алган да. Кыргызды жокко тартып, жокко түртүп эле. Ааламдык мыйзам ушул экен, ааламдык шарт аткарылат экен. Бул оору кыргыздан чыккан жок да. Булар сырттан илештирип келди. Бул жерде мен күнөөлүү эмесмин.

-- Ким күнөөлүү?

-- Өкмөт күнөөлүү. Келгенде ошолорду карантинге албайбы! 600 кишини текшерсе болмок. Ошон үчүн мен “бул бийликтин сезону бүттү, элди аясаңар боло?!” деп келем...  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер