Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Тюкебаев кайсы жерде иштебесин, кызматкерлери пара менен кармалышат

Тилек Тюкебаев кайсы жерде иштебесин, кызматкерлери пара менен кармалышат

10-май, 00:50
5 992 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Свердлов РИИБнин тергөөчүсү 150 миң сом пара менен кармалса, начальник Тилек Тюкебаевдин “мурдун балта кеспейт” экен. Соцтармакка өзүн пиар кылган майда-барат ишмердигин чыгартып, ушул жагынан алектенүүдө. Ал эми өздүк курамдын тартибин, тазалыгын камсыздоого шаасы жетпей, аксап калганы ырас. Жалпы атмосфераны оңдой албады. Эптеп күн өтсө болду окшойт. Айтмакчы, Тилек Тюкебаев буга чейин Биринчи Май РИИБни жетектеген эле. Анда да үч кызматкери кармалып, кепке кемтик болгон. Эми кайрадан “шымы жаман жеринен айрылгандай” абалын көрсөтүп, уятка калууда. Негизи өз күчү менен эмес, жердешчиликтин, абалардын арты менен чоңоюп, жыйынтыгында, ишин жетиштүү деңгээлде көрсөтө албай атканы ушул да. “Балык башынан сасыйт” дегендей, Тилек Тюкебаевдин жоопкерчилигин карап көрүүгө убакыт келди го?   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер