Кашкар Жунушалиев аёосуз жаза алары эскертилди


Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кой-Таш окуясы, Октябрь төңкөрүшү боюнча коомчулук тарабынан жеме угуп, өзгөчө айыпталып келет. Ага укуктук баа берилбей келатканы да түшүнүксүз. Кечээ депутат Камила Талиева парламенттен маселе көтөрүп, Кашкар Жунушалиевдин кайда жүргөнүнө, издөөгө алынган-алынбаганына кызыкты. Убагында бийик трибунадан ант бергенин айтып, кылмыш кылса керт башы менен жооп берерин да эскертти. Укук коргоо органдарына кайрылып, ал боюнча маалымат берүүсүн да талап кылды. Ошондой эле Камила Талиева өз сөзүндө аёосуз жазалоону баса белгилеп, адилеттүүлүк үчүн каңыры түтөгөнүн жашыра алган жок. Башкасын айтпасак да, Кой-Таш окуясында Самат Курманкуловдун оор жаракат алышына, миңдеген жергиликтүү тургундардын сабалышына, ошого катар Октябрь төңкөрүшүндөгү башаламандыкка, Үмүттүн өлүмүнө, жүздөгөн жарадарларга кимдер жооп берет? Эки коогалаң учурунда тең Кашкар Жунушалиев ички иштер министри катары кызмат кылып турган. Дал ушул эргулга мыйзам алдында баа берилбесе, “эски карт” сыйрыла берет, айыкпайт. Бирок эртедир-кечтир Кашкар Жунушалиев жазасын алары шексиз. Аз калды, кичине убакыт керек...
"Азия Ньюс" гезити











