Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кемпир-Абад боюнча камакка алынгандардын жакындары эмне дешет?

Кемпир-Абад боюнча камакка алынгандардын жакындары эмне дешет?

05-декабрь, 19:30
1 077 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки айга камакка алынгандардын арасында саясатчылар, журналисттер, активисттер бар. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам Орозайым Нарматованын тутунган апасы Асылкан Төлөнбаеванын жана Илгиз Шаменовдун жубайы Асел Абылованын сөздөрүн угуп көрдүк.

 Асылкан Төлөнбаева: “Орозайым камактан чыкса, саясатка аралаштырбаганга аракет кылабыз”

-- Асылкан эже, Орозайым менен байланышып атасызбы? А негизинде Орозайымды камакка алуу жагы кандай болуп кетти?

-- Мен Орозайымдын апасынан кийинки тутунган апасы болом. Албетте, чыканактай кызды камакка алууга негиз жок. Азыркы бийлик түптүз жерден ушундай кылып атат да. “Мамлекетти басып алууга чакырык таштады” дегендей берене менен кармап отурушат. Ал кызды Москвадан алып келип, бир рецидивистти кармагандай чоң шоуга айландырып атышканы – жөн эле өч алуу болуп аткансыйт. Мындай болбош керек эле. Бул турмушка чыга элек жаш кыз. Оюндагысын кайра тартпай айтып атат. Учурда жактоочусу аркылуу байланышып атабыз. Өткөндө катуу ооруп, ары барып бери келди. Азыр түзүк. Мага бир нерсе түшүнүксүз, Москвада туруп, бу жактагы бийликти басып алат имиш, бул – абсурд! Орозайым кыргыздын патриот кызы катары ууруларды ачык айтып атат. Айтпай койгонго жүрөгү чыдабайт, кайдыгер эмес. Чыканактай кыздан азыркы бийлик ушунча коркуп атабы? Аман-эсен чыгып келсе, “экинчи саясатка аралашпачы” деп айтам. Анча болду, буга чейин Кыргызстанды канча деген коррупционерлер тоноду, эмнеге ошолорду камабайт? Бармактай кызга алы жетип, камап отурушат. Муну эч бир акылга сыйбаган иш катары ойлойм. 

Асел Абылова: “Жолдошум Илгиз Шаменовдун камакка алынганы түшүнүксүз”

-- Асел карындашым, жолдошуң Илгизди камакка алуу жагы кандай болуп калды?

-- Илгизди камаганы негизсиз. Менин жолдошум элим, жерим деген кыргыздын патриот жигиттеринин бири. Өзү жеке ишкер катары жүргүзүп жаткан бизнесинин салыктарын төлөп, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбай, тартип-эрежелерди бузчу эмес. Анан жөн эле жерден күнөөгө батып, камакка алынганы мага түшүнүксүз. Адам укуктары жөн жерден тебеленип атканы өкүндүрөт. Кызыгы, кээ бир карапайым адамдардын азыркы камактагы активисттерди камап коюшканын башкача өңүттө карап, “эл душманы” катары сыпаттап атышкандары ичти ачыштырат. А чын-чынында камактагылардын баары кыргыздын эли, жери үчүн кайдыгер эмес, патриот уул-кыздары! Анткени, алар мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күйүп-бышкандар экени жалганбы? Эми эки айга камап коюшту, жакындары менен жолуктурбайт, көргөзүшпөйт, өтө оор кылмыш кылгандардай мамиле жасалууда...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер