Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнура Сегизбаева: “Абдил Сегизбаевдин духу, энергетикасы күчтүү, эч ким менен соодалашууга барбайт”

Айнура Сегизбаева: “Абдил Сегизбаевдин духу, энергетикасы күчтүү, эч ким менен соодалашууга барбайт”

26-февраль, 11:48
5 752 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Камактагы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура айымга кайрылып, коомчулукту кызыктырган суроолого жооп ала алдык. 

-- Жолдошуңуз менен байланышып атасызбы? Ден соолугу, духу кандай?

-- Абдилдин духу, энергетикасы абдан күчтүү инсан. Аны карап туруп, эмнени айтарын, кандай ойлонуп атканын мен жана балдарым дароо түшүнөбүз. Ден соолугу Кудайга шүгүр, жакшы, эч качан “бир жерим ооруйт” деп айткан эмес. Өзү күчтүү адам болгондуктан, ал нааразы болуп же арызданганды жактыра бербейт. Андыктан, биз дагы ага карап түздөнөбүз. Кандай жагдай болбосун: мейли чарчаса да, оор күндөрдү башынан кечирип жатса дагы капаланып, духун түшүрбөйт, тескерисинче, балдарга көңүл буруп, ойноп кирет. Абдил мыкты ата, уул, ага, дос жана сүйүктүү жар. Тилекке каршы, биз аны 25-январдан бери көрө элекпиз, сүйлөшө да алган жокпуз. Мүмкүнчүлүк чектелген.

-- Абдил Сегизбаевге канча кылмыш иши козголду эле? Кыскача баа бере кетсеңиз?

-- Расмий түрдө ага карата бир гана иш ачылды – “Белизгейт”. Менин билишимче, ал камалгандан бери бир дагы жолу суракка алынбаптыр. «Белизгейт» жөнүндө айтсам:

1. Абдил буга байланыштуу эч кимди күнөөлөгөн эмес, анын оозунан бир депутаттын аты же башкалар тууралуу сөз чыккан эмес;

2. “Белизгейтке” байланыштуу бирөөнө да иш козголбоду;

3. Бул боюнча бирөө да соттолгон жок;

4. Өлкөбүз эч кандай чыгым тарткан жок.

Ал эми “Абдил кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланды, элдин алдында Жогорку Кеңештин депутаттарын опузалады” деген чындыкка дал келбеген, акылга сыйбаган нерсе. Бул азыркы бийликтин саясый өч алуусу гана. Жалпылап айтканда, чындыкка эч бир окшобогон, бүдөмүк иш. Сотко чейинки өндүрүш иштин негизи – бир саясатчынын 2019-жылы жазган арызы. Менин оюмча, бул адамдын кылганы Абдилдин аброюна кымындай да шек келтирбейт. Бул жерде баса белгилей кетчү жагдай бар, Абдилдин сөзүнө таянып айтарым, “ушул документтерде көрсөтүлгөн баардык шарттар, талаптар 2010-жылдан кийин иш жүзүндө аткарылган

Бир нерсени түшүнүү керек, “Мегаком” маселесин Абдил Сегизбаев көтөрүп чыккан. Эмне үчүн “Мегакомдун” акциялары 100% эмес, 49% гана улутташтырылган? Эгер Абдил болбогондо “Мегаком” эбак унутта калмак. Мамлекеттин бюджети миллиондоп зыян тартмак. Абдил интервьюларында бул кагаздарды ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бергенин айткан. УКМКга кагаздарды карап чыгууга болгону үч күн гана убакыт чектелген эле. Ал эми аталган иш коомчулукта чоң резонанс жаратканына байланыштуу, Атамбаевдин жеке чечими менен кагаздар башкы прокуратуранын карамагына өткөрүлгөн. Жыйынтыктап айтканда, мындан ким пайда табат? Албетте, аны убакыт көргөзөт. Өлкөдөгү азыркы абалды эске алганда, ал күндөрдү көпкө деле күтпөйбүз...

-- Жолдошуңузга камактан кысымдар болгон жокпу? Мындан ары бийликке каршы күрөшөбү, же тергөө менен кызматташууга барышы мүмкүнбү?

-- Албетте, жок. Мен муну 100% ишенимдүү айта алам. Ал эч качан эч ким менен сүйлөшүүлөргө же соодалашууга барбайт! Ага негиз жок. Эгер адам өзүнө ишенсе, жасаган иштеринин акыйкаттуулугуна ынанса, анын намысы соодалашууга жол бербейт. Абдил Сегизбаев мына ушундай адам. Ал өзүнүн принциптеринен тайбайт, түз жүрөт, ачык сүйлөйт. Анын кандай экенин достору, аны тааныгандардын баардыгы билишет, өзгөчө душмандарына да маалым. Мен сыймыктанам, Абдилдин уурулук же паракорлук боюнча эмес, токулган иш менен күнөөлөп жатканына...

-- Абдил Сегизбаевди колдогон журналисттерди, блогерлерди суракка чакырды эле. Ошол боюнча пиар кампания токтоп калдыбы?

-- Албетте, Абдил камалганы баардыгыбыз бир канча убакытка чейин алсырап, кыйналдык. Өзгөчө мага кыйын сезилди, образдуу айтканда, башыбызды алып салгандай эле болду. Бирок, бул көпкө созулган жок. Бийлик дагы мени камап, штабдын катардагы кызматкерлеринин үйлөрүн тинтип, суракка алып, айлабызды кетиришти. Биз эч нерсе менен алектенген жокпуз, пиар үчүн андай ири ресурстарыбыз деле жок. Чындык, акыйкат деген өзү ушундай экен, канчалык капка катпагын, калкып чыгып калат. Журналисттер дагы жөнөкөй калк эмес, баардык жаңылыктарды өз маалында айтып турушат. Өзгөчө Абдилдин шайлоолор алдындагы дебаттардагы айткан ар бир сөзү бүгүн өз чындыгын тастыктап жатат. Чындыктын күчү мына ушунда!

-- Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкери, төрт балалуу аялды камакка алуу боюнча түшүнбөстүктөр жаралууда. Ушул жагынан маалымат бере кетсеңиз? Сиздин жолдошуңузга кандай байланышы бар?

-- Жылдыз Чодобаева Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы. Ал өтө принципиалдуу жана абийирдүү кызматкер экен, керек болсо ал өзүнүн жакындарына да алардын көзү жок жөнөкөй кагаз дагы жазып бербейт. Бийлик аны бир максат менен камады: Абдилге карата көрсөтмө алып, каралоо үчүн гана. Арийне, ар бир эне өз балдарынын коопсуздугу үчүн тергөө менен келишимге барып, каалаган кагазга кол коюшу мүмкүн. Биз ал үчүн аны жаман көрүп, күнөөлөбөйбүз, тескериче, түшүнүүгө аракет кылабыз. Абдил УКМКнын абагында отуруп, бийликке бир нече ирет кайрылып, “эч күнөөсү жок төрт баланын энеси Жылдыз Чодобаевага карата коюлган күнөөнү мага илгиле” деп, аны бошотууну суранды. Чындыгында, бул чыныгы мырзалыкка татыктуу кадам! Мындайлар азыр чанда гана кездешет.

Ал эми алма бакка тийешелүү жер тилкелер боюнча айтсам, ал тилкелер 1998-жылдан баштап эле элдердин өздөрүнүн каалоосу менен сатыла баштаган экен. Ал кезде Абдил “Сорос-Кыргызстан” фондунда координатор болуп иштеп, жакшы айлык маяна алып турган. Ошол кезде бир тилкенин баасы 500 сом болчу. Бул алма бакты раматылык кайнатам 1960-жылдардын башында өзү тигиптир. Абдил атасынын жаркын элесине анын эмгегин сактап калгысы келген. Ал эч кимди мажбурлап, жерлерин саттырган эмес. Эл өзү кайрылып, өздөрү келип, сатып алуусун өтүнүшкөн эле. Ошондой эле алма бактын арасындагы тилкелерин сатпай койгондор да болгон, алардын жерлери ошол бойдон калып, келип иштетишкен жок, ар бир тилке ордунда турат, кимдерге тийешелүү болсо...

-- Учурдагы сыноону үй-бүлөңүз, туугандарыңыз кандай кабыл алышууда?

-- Абдил камалганда биз шок абалда болдук. Бирок бул күтүлгөн эле иш болгон. Биз, албетте, баардыгына даяр турдук, дебаттарда Абдил өз чындыгын айтты, негизги оппонентине карата ыңгайсыз суроолорун берди. Тилекке каршы, көптөр күткөн дебаттар болгон жок, мырзаларга тийешелүү “эркекче” сүйлөшүү да ишке ашпады. Ага карата жооп – токулган иш менен Абдил Сегизбаевди камоо болду. Билесиздерби, биз бирөөнү тоноп, же күч менен басып, ээлеп алган эч нерсебиз жок, баардыгы маңдай тер, мээнет менен келген. Ар нерсенин маанисин билебиз. Эң негизгиси, биз чыныгы достуктун жана ишенимдин баасын билебиз. Абдил өтө намыскөй адам, ал бирөөнүн эшигин кагып, кызмат, мансап сураган эмес. Ал бир дагы партиянын катарына кирген жокМамлекеттик кызматта Акаевдин маалынан баштап 8 жыл гана иштеген. Айрым хейтерлер 30 жыл иштеген деп туура эмес жазып жүрүшөт. Абдил шайлоого да алгачкы ирет ушул жолу гана барды. Өзүнүн чындыгын айтып, элдин алдынан өттү. Баардыгына Кудай, эл жана убакыт тараза. Ашып баратканды Кудай өзү түздөп коёт. Эң негизгиси, түбөлүгү түз болсун. Ак ийилет, бирок сынбайт. Жетимдин жары Жараткан дейт, өспүрүм кезинен ата-энеден эрте калса да, баардыгына өз эмгеги, маңдай тери менен жетти. Биздин да Кудайыбыз бар.

-- Өзүңүз жөнүндө да айта кетсеңиз? Эмне менен алектенесиз? 

-- Мен Бишкек шаарында туулуп өскөм. Ата-тегим Кеминден болот. Мектеп курагыма чейин чоң ата-чоң энемдин колунда өстүм. Бобордогу №2 мектепте билим алдым. Эки жогорку билимим бар, биринчиси улуттук университеттин кыргыз-европа бөлүмүнүн экономика жана башкаруу адистиги боюнча, экинчиси дипломатиялык академиянын эл аралык журналистика бөлүмү. Биздин үч балабыз бар: эки кыз, бир уул. Алар 15, 13 жана 10 жашта. 

Азыр менде эки чоң жоопкерчилик бар – албетте, мен атанын бергенин балдарыма бере албайм, бирок алардын психикасына доо келбеши үчүн атасын жоктотпогонго баардык аракетимди жумшайм. Бир жыл мурун оор оорудан улам апамды жоготтум. Ал 57 гана жашта эле... Албетте, азыркы абалымды ошол маалга салыштырып мүмкүн эмес. Жашоодогу эң коркунучтуу нерсе – бул жакын адамдарыңды жоготуу... Кудайга шүгүр, анткени атабыз тирүү, дени сак. Албетте, ал эртеби-кечпи бизге кайтып келет, туугандарга, балдарыбызга. Демек, тагдырыбыз ушундай экен, бул да Кудайымдын берген сыноосу. Албетте, Кудайым буюрса, бул сыноону биз сабыр менен жеңебиз. Түн канчалык караңгы болсо, жылдыздар ошончолук жарык болот. Бизди өлтүрө албаган – бизди күчтөйт. Баардыгы Кудайдан...


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер