Туура тамактануунун 4 принциби. Күчтүү тамактарды азыраак колдонгула

Адис тамак сиңирүү системасынын ишин жакшыртуу үчүн маал-маалы менен тамактануу керектигин белгилеген. Мындан сырткары, уй, чочко этин азайтууну да сунуштаган.
Россияда диетолог жана нутрициологдор улуттук ассоциациясынын мүчөсү, диетолог Марина Макиша тамак сиңирүү системасынын ишин жакшыртуу үчүн төрт негизги принципти санап бергенин “Известия” басылмасы жазды.
Биринчи принцип. Өттө таштын пайда болушунун алдын алып, боор оорусуна кабылбаш үчүн туура тамактануу режимин кармануу керек.
“Тамак сиңирүү системасы өзүнүн биологиялык ритми менен иштейт. Эгер маал-маалы менен тамактанып турбаса, өттө таш пайда болушу ыктымал”.
Экинчи принцип. Тамактануу рационунда сөзсүз клетчатка болушу шарт. “Ичеги кыймылдап турушу керек. Ал үчүн сөзсүз курамы клетчаткага бай азыктарды колдонуу зарыл. Күнүнө колдон келсе 500 граммдан ашык жашылча жегиле демекчимин. Түшкү жана кечки тамакка 250-300 граммдай жашылча кошконду унутпагыла”.
Үчүнчү принцип. Адис белокту азыраак колдонууну сунуштаган, айрыкча уй менен чочконун этин. “Белок организмге керек. Анткени ал негизги курулуш материалы, бирок белок менен организмди кыйнабаш керек. Себеби ал оңой менен сиңбейт. Белокко бай жумуртка, балык эти, быштак, айранды колдоно берсе болот” деди Макиша.
Төртүнчү принцип. Бул ичегинин микрофлорасын сактоо. Диетологдун айтымында, тамак сиңирүүдө жашылчадагы пробиотиктер эле эмес, кычкыл сүт азыктарындагы бактериялар дагы маанилүү. Ошондуктан күнүнө бир жолу айран же ачытылган, бышырылган сүт ичип койсо ашыкча болбойт.
Сүт азыктары эле эмес, ачытылган азык, маселен, капуста дагы ичегиге абдан пайдалуу экени айтылды.