Кеңешбай Тайлаков: “Керектөөчүлөрдү жеткиликтүү баа менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүнүүдө”


Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору менен маек.
-- Күнүмдүк керектөөчү товарларга болгон бааны жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
-- Бул жагынан керектелүүчү товарларга болгон бааны турукташтыруу жаатында бир топ иш-чаралар жүрүп атат. Негизинен кумшекерге, өсүмдүк майына, жумуртка, этке болгон бааларга өзгөчө көңүл бурулууда. Себеби, ушул азыктарга баа өсүп атат. Ага сырткы факторлор себеп болууда.
Социалдык жактан маанилүү делген 25 товар бар. Ошолорго карата сурамжылоо жана талдоолор жүргүзүлүп жатат. Ишкерлердин, ири соода түйүндөрүнүн, товар ташуучулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коңшу мамлекеттердеги жагдайга анализ берилип турат.
Ал эми бааларды туруктуу кармоо боюнча Кыргызстан ичиндеги “Фрунзе” соода түйүндөрү биздин сунуштарды эске алуу менен социалдык пакет даярдаган. Анда бааны 5 пайызга чейин ылдыйлатуу каралган. Эми сезондук товарлар чыга баштаса, рынокту турукташтырууга түрткү болот.
Ошондой эле биздин кызматка карата сын-пикирлер көп болгондуктан, мыйзамдык базаны чыңдоого да көңүл буруп жатабыз. Мыйзам бузуу фактылары болсо, физикалык жактарга 3 миңден, юридикалык жактарга 13 миңден айып пул каралган. Учурда айып пулдарды жогорулатуу маселеси каралууда.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











