Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкуловду баалабай, Гүлнара-Клара Саматка кор болдук...

Аликбек Жекшенкуловду баалабай, Гүлнара-Клара Саматка кор болдук...

23-сентябрь, 21:39
1 479 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эсибизде. Аликбек Жекшенкулов Москвада элчи болуп турганда мигранттарга кам көрүлүп, укуктук, моралдык жактан колдоого алынып турган. Өзгөчө пандемия айларында күнү-түнү талыкпай иштеп, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүдө жол тапкычтыгын, профессионалдык деңгээлин көрсөткөн. Россия менен Кыргызстандын алакасын жакшыртууга, өлкөбүзгө гуманитардык жардамдарды алып келүүгө салым кошкон. Ток этери, Аликбек Жекшенкуловду убагында баалай албаптырбыз.

А азыр эмне болуп атат? Гүлнара-Клара Самат аттуу Россиядагы элчинин ишине ичи чыкпагандар арбыды. Соңку убакта мекендештерибизге кысымдар арбып, ар кандай куугунтуктарга кабылып атканы кабарланууда. Укуктары тебеленген мигранттарды эмнеге колдобойт? Депортацияга кабылган жердештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошо албайбы? Дал ошол кара жумушта кыйналып иштегендер өлкөбүздүн экономикасына салым кошуп жатышканын кантип жашырабыз? А элчибиз эшек такалап отурабы? Айтор, түйшөлткөн суроолор арбын. 

Иш жүзүндө Гүлнара-Клара Самат өз милдетин так аткара албай атканы, тажрыйбасы жетпегени байкалды. Эки мамлекеттин алакасын жакшыртууга салым кошмок тургай, аракетин да көрө албадык, эмне ишти кыйратканы белгисиз. Быйылкы жылдан баштап Россиядан келген азык-түлүктөр, күйүүчү майлар, курулуш материалдары дээрлик эки эсеге чейин кымбаттап кетти. Социалдык-экономикалык жактан Кыргызстанга кыйынчылык жаралууда. Мамлекетибиз артка кетүүдө. Бул жагынан элчи кандай иштиктүү демилгелерди алып чыкты? Кабар жок.

Кыскасы, Гүлнара-Клара Самат дипломатиялык чеберчилигин көрсөтмөк тургай, эң жөнөкөй элчилик кызматтын жүгүн тарта албады. Өкүнүчтүү. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана президенттин администрациясы баа береби? Он миңдеген мекендештерибиздин тагдырын кайдыгер айымдын колуна салып берип коёбузбу? Кайсы логикага сыят? Эл күтүп атат. Натыйжалуу чара көрүлүп, ордуна ишбилги, профессионал элчи дайындалабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер