Асел Кодуранова, коомдук ишмер: “Кой-Таш окуясы боюнча кийинки кезек Кашкар Жунушалиевде”
-- Асел айым, Кой-Таш сотуна Орозбек Опумбаев келди. Бул адамдын келиши жөнүндө коомчулукта ар кандай ойлор тарады. “Өзү келди”, “мажбурлап апкелишти...” деген. Ушуну өзүңүздөн уксак?
-- Кой-Таш окуясы биз суралып жүргөн кезден бери 6-жылга кетип атат. Ошол эле көптөн-көп сотко күбө катары келүүсүнө талап кылган фигуранттын бири Опумбаев өз ыктыяры менен сотко келген жок. Бу кишини апкелишти.
-- Анда жагдай кимдин аракетинде болду?
-- Чынын айтыш керек, Кой-Таш окуясын карап аткан соттун аракети күч, бул адилеттүүлүк айдан ачык байкалды. Рахмат айтам. Бу жолу Опумбаевге көптөгөн суроолор берилди, бирок мындай эле, эркекче жооп болбой атат. Килейген бир мамлекеттин УКМКсын бир кезде башкарган погону бар адам мынчалык пастыкка түшпөш керек эле. Берилген суроолорго “тарс-тарс” жооп бер, “бул жери мындай, тиги жери тигиндей!” деп болгонун айтабы деп күткөн элем... Шермендечилик! Башка сөз таппай турам. Дагы бир жолу ынандым – жашоо бумеранг, жер шары тоголок экенине. “Кечээ сен бутуң жерге тийбей, булутту челип, көзүңдү май басып жүргөн элең. Бүгүн эч ким эмессиң. Эч нерсе түбөлүккө созулбайт. Ойлонуңуз жана туура жыйынтык чыгарыңыз” дегим келди.
-- Сот отуруму уланат да, эми Сооронбай Жээнбековду, Кашкар Жунушалиевди көрө алабызбы? Бул чуулгандуу окуя кандай жыйынтыкталышы мүмкүн?
-- Менимче, Кашкар Жунушалиевди да апкелишет. Себеби, кечээги сот отурумунун танаписинде прокурорлор, соттор менен азыноолак сүйлөшүп, “дагы кимдерди апкелесиңер?” дегенимде, “Кашкарды апкелебиз” дешти. Эгер сөздөрүнө турса, ал да келет. Ал эми Сооронбай Жээнбековду айта албайм. Анткени, а кишинин “экс-президент” деген макамы бар эмеспи. Бул жакка апкелерден мурда “мурунку президент” деген макамдан ажыратуу керек.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити