Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек абасынын кири боюнча кайрадан антирейтингдин алдыңкы катарында

Бишкек абасынын кири боюнча кайрадан антирейтингдин алдыңкы катарында

07-ноябрь, 12:46
375 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы бештигине киргенин IQAir сайты билдирди.

Саат 18:20га карата алынган маалымат боюнча, Бишкектеги абанын сапаты 167 пунктуга барабар болгон, бул аба "жакшы эмес" дегенди түшүндүрөт.

Антирейтингде биринчи орунду Дели (Индия), экинчини Пекин (Кытай) ээлеген. Ал эми үчүнчү орунда Ханой (Вьетнам), төртүнчү сапта Бишкек (Кыргызстан) жайгашкан. Бештикти Янгон (Мьянма) шаары жыйынтыктады.

Акыркы убакта жылытуу маалында Бишкек абасы кир аймактардын катарынан туруктуу орун алып калды. Буга чейин ПРООН Финляндиянын метеорологиялык институтуна таянып Бишкектеги абанын кирдешине курамында күкүртү көп көмүрдүн колдонулушу себеп экенин кабарлаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер