Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстандан чет мамлекетке бир нече авиакаттамдар токтотулду
Кыргызстандан чет мамлекетке бир нече авиакаттамдар токтотулду
30-март, 17:15
665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаалдан улам 29-марттан тартып Кыргызстандан чет мамлекетке бир нече авиакаттамдар токтотулду. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан маалымат таратышты.
Маалыматка ылайык, эл аралык төмөнкү авиакаттамдар убактылуу каттабайт:
"Авиатрафик" компаниясынын:
Бишкек–Иркутск–Бишкек – 1-апрелден 29-апрелге чейин;
Бишкек–Грозный–Бишкек – 30-марттан 6-апрелге чейин;
Бишкек–Воронеж–Бишкек – 3-апрелден 25-апрелге чейин;
Бишкек–Казань–Бишкек – 5-апрелден тартып;
Бишкек–Краснодар–Бишкек – 2-майдан тартып;
Бишкек–Красноярск–Бишкек – 30-марттан тартып;
Бишкек–Новосибирск–Бишкек – 31-марттан 2-апрелге чейин;
Бишкек–Сургут–Бишкек – 3-апрелден тартып.