Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Эл кыйналганына карабай бийликке чыдап жатат”

-- Жаздан бери жамгыр ашыкча жаап, өлкөбүздүн көп аймактарында сел жүрө баштады. Бул жөн салды эле табигый кырсыкартарбы, же Жараткандын кандайдыр бир коңгуроосубу?
-- Мен “Кудай жок” дегендерден эмесмин, бирок илим бар. Азыр XXI кылым, колубузда жан-жаныбар өзүнөн-өзү пайда болбогонунун далили турат. ДНК кадимки эле атайылап жазган формула экени, андагы миллиондогон сан-тамгалар иретинен бир эле жерден жаӊылса, мутация болсо, же атайылап алмаштырылса, кескин өзгөрүүлөр жүрөрү илимий негизде далилденди го. Бир сан-тамга адашса сен адам эмес, башка жаныбар же такыр эле фаунадан флорага өтүп кетишиӊ мүмкүн.
-- Анан? Ии, сал жорго...
-- Эми ошол формуланы ким кылды? Албетте, Жаратуучу жазды, жаратты. Бул күмөнсүз. Демек Кудай, жогорку аӊ-сезим бар. Ал кайда, кандай жагдайда биздин цивилизацияны жараткан? Бул бизге белгисиз. Аны биздин ата-бабалар “Жараткан, Кудай, Көкө-Теӊир, Алла-Таала” деп жана башка 99 ысымын айтып жүрүшөт. Биз болсо миӊ түркүн ишенимдердин, диндердин, дегеле аалам, адам, жашоо жаралганы тууралуу версияларын угуп, ишенип-ишенбей, талашып-тартышып, чабышып-кырылышып келебиз. Аныгында, эски диндер жаш курактан өтүп, капчыктарын кампайтып, инквизицияларын токтотуп, «ишенсеӊ ишен, ишенбесеӊ пофиг» деп сабырдуулукту карманып атса, Жараткандын “Аллах” дегенден башка аттарын атасаӊ, жашоо жаралышы тууралуу башка көз карашта болсоӊ, сени душман тутуп, каныӊ төгүлөрүн ачык айтып, аны ишке ашырып жаткандар да толтура.
-- Деги бул жалганда Кудайды тааныбагандар көбөйдүбү?
-- Адам темселеп, терип жеп, ушундай... Жаралгандан жетишсиздикте, тартыштыкта, коопсуздугу корголбогон жагдайда күн көрүп келе жатат. Ошондуктан ал ачкөз, өзүмчүл, карөзгөй.
Жогорку аӊ сезимден – Жараткандан космос аркылуу кабар алып, аны ар кимиси ар кандай катачылыкта жоромолдоп, жол көрсөткөн пайгамбарлар да чыгышкан. Миллиондогон адамдар артынан ээрчисе, арбыны каршы турушуп, ташбараӊга алышып, ача жыгачка керишип, дагы деле тынчыбай келишет. Ачкөздүк, өзүмчүлдүк, карөзгөйлүк – акыйкат, бакубат жашоого жол бербейт. А адам ошого карабай адилет, акыйкатты сыйкырдуу күчтөн, Кудайдан күтүп, үмүтүн үзгөн жок. Албетте, 18 миң ааламды жараткан Кудай адамзаттын болгон көйгөйүн чечип, майкөл-сүткөл кылып бере алабы? Күмөн деле жок. Бирок анда жашоонун ичип-чычкандан башка маңызы калбайт да.
-- Кыргызстанда кымбатчылык кара тумоодой каптап атса, бир жагынан электр энергияга, сууга, коммуналдык төлөмдөргө баалар көтөрүлүп, жалпы салыктар көбөйгөнү кандай? Эл көтөрө алабы?
-- Кымбатчылык биздин эле өлкөнү эмес, бүт дүйнө жүзүн кара тумоодой каптап, баалар, салыктар, тарифтер өсүп атат. Элдин бул кыйынчылыктарды көтөрбөскө аргасы да жок. Кош колдоп тактыга отургузган көпчүлүк өз колу менен жасаганды мойну менен тартуусу керек... “Өз майыңдын чөбөгөсү” дечү беле?
Бирок, “булардан башка бийлик болгондо башкача, жакшы болмок” деп айта алабызбы? Жок! Анткени буларга чейинки башчыларды да көргөнбүз, дээрлик баары элди, мамлекетти экинчи планга калтырышып, үй-бүлөлүк кызыкчылыкка батышып, калтасынын гана камын жеп калышкан, акыры куулуп тынышкандары жалганбы?
-- Кийинкилер жаңылып-жазышпай сабак алыштыбы?
-- Азыркы төбөлдөр мурункулардын кейпин кийип калбас үчүн колунан келишинче жандалбастап жатканын эл көрүп турат. Ошон үчүн көпчүлүк бүгүнкү бийликти колдоого алып, чыдап, шанс берүүдө. Сындоо жеңил, эгер мен сындасам, катыра айтчу сөз деле жетиштүү. Эл кыйналганына карабай бийликке чыдап жатат, анан ушуну көрүп туруп, каршы чыгууга батына да албайсың. Күтө туралы. “Элиң бөрү болсо...” деген сөз ушундай кырдаалда жаралса керек. Аныгында, бийликтегилердин арты кандай бүтөрүн айта албайм, бирок бүгүнкү күндүн реалдуулугу ушу.
-- Сындагандарчы? Эл арасынан чыга берет тура...
-- Ооба, эчтеке менен эсептешпей эле удургушуп, жеке жек көрүүчүлүгүнө ээ боло алышпай, кай бири кызыл кекиртектин айынан догурунушуп, өмүрүн жалаң бийликти каралоого же жагалданып жан багууга арнашып, 24 саат соцтармакта жашап калгандар да бар. Бирок эл аларды укпай, ээрчибей, колдобой жатканы да факт.
-- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунан өлкөбүзгө кандай пайда келет? Кыргыздар да каалагандай жүк салышып, дүйнөлүк соода базарына чыга алышабы?
-- Жүз жолу жазылды, миң жолу айтылды. Майда сөздөр көп. “Канча миллион пайда, ким салат, утабызбы, уттурабызбы?” деп эле чурулдап атабыз. Биз дүйнөгө чыга турган жолу жок туңгуюкта отурабыз, келечекте үч океанга багыт алган транзиттик өлкөгө айланабыз. Ушу сөз эле жетиштүү. Бул ирет темир жол сөзсүз салынышы керек.
-- Украина аймагындагы согуш бүтсө, Россия андан соң Казакстан менен Кыргызстандагы саясатты өзгөртүүгө киришеби?
-- Эки жыл мурунку лентаны карасаңар: “Россия канкор, агрессор, жөн жаткан Украинага басып кирип, кырып атат, бүт дүйнө жүзү буларга каршы” деп ишендирип келишкен. А бүгүнчү? Учурда адамзаттын көпчүлүгү кимдин ким экенин түшүнүштү, Россияны колдогондор көп. Кытай, Индиянын кайра шайланган жетекчилери алгачкы иш сапарларын Россияга жасап жатышы эле жетиштүү эмеспи.
-- Түпкүрүнөн алсакчы?
-- Анткени Батыш үгүттөп, Украинаны согуш отуна салып, Россияны талкалап, бөлүп, тоноп алуу үчүн гибриддик согуш уюштурду, бирок бети ачылып калды. Арам пландары кашкайды. Адамзатты түбөлүктүү келесоо кылып алдоо мүмкүн эместиги дагы бир жолу далилденди. Батыштын жалган пропагандасы утулду. Тактап айтсак, согуш талаасынан тумшукка жеп, ачууга алдырып жатканда, “биздин максат Россияны стратегиалык жеңилүүгө жеткирүү” деп өздөрү айыптарын айтып салышты.
-- Өзүбүзгө келели...
-- Орто Азия республикалары Россия менен союздаштар. Россия бул региондо согуш отун тутантууга эч кызыкдар эмес. Тескерисинче, Батыш Россияга каршы күрөшүүдө беш республиканы Украина сыяктуу колдонууну көздөп, кысымга алып жатканын көрүүдөбүз. Түштүк Кавказда какап, ВСУнун аракети натыйжасыз болбогондо, буга чейин Армениядан кийин Орто Азияга от жагууга шымаланып киришип калышмак. Батыш ал оюнан кайта элек. Тараза ташы оой баштаса, Орто Азияны полигонго айландырып коюшу толук мүмкүн. Саткындарды ооздуктап, сак болуубуз керек.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити