Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээргүл Каракозуева: «Биздикиндей Арт-отель Ош шаарында жок»

Мээргүл Каракозуева: «Биздикиндей Арт-отель Ош шаарында жок»

27-сентябрь, 22:20
1 223 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешим пандемиядан кийинки өлкөдөгү оор кырдаалга карабай Ошто алгачкы Арт-отелди негиздеди. Айтымында, номердин баалары өтө кымбат эмес, бирок конокторго ыңгайлуу жана жагымдуу шарттар түзүлгөн. Учурда 15 адамды жумуш менен камсыз кылат. 

-- Арт-отель кандай иштеп жатат? Пандемия, кризистин таасири канчалык сезилүүдө?

-- Азыркы учурда жакшы эле иштеп жатабыз. Ар бир номерди сатканга аракет кылам. Негизи отель толук ишке кире электе, жаз мезгилинде эле иштей баштаганбыз. Азыр кээде ошол учурдагы айрым кемчиликтерди эстеп күлүп калам. Жайында туристтер келип жатышты. Конокторубузга аябай ыраазымын, мени колдоп, досторуна, бири-бирине айтып отуруп иштеп кеттик. Ошто туристтик сезон аяктап калды, эми жумуш менен келген конокторду күтүп жатабыз.

-Отелди ачканга канча каражат жумшалды, качан өзүн актап баштайт? 

-- Отель реконструкция болордо «30 миң доллар кетсе керек деп ойлогонбуз, бирок 50 миңдей кетти. Азыр толук актай элек, себеби жасай турган иштер али көп. Ашканабыздан тартып конференц-залдагы эмеректерге чейин толуктай элекпиз. Ушуларды бүтүргөндүн кийин тейлөө сервисин мындан дагы жакшыртууну пландап жатабыз. Максатыбыз – бир келген конокко сөзсүз кайрадан келе тургандай атмосфера түзүү.

-- Бир учурда канча кишини батыра аласыздар, баалары кандай?

-- Биздики чакан отель болуп эсептелет, болгону 8 номер гана бар. 26 орундуу конференц-зал, конок үйү Coffee break жана үч маал тамагы менен 15 адамга чейинки конокторду тейлей алат. Номерлердин баасы 2000 миң сомдон башталат, эң кымбаты 3500 сом болот.

-- Өзгөчөлүгү эмнеде?

-- Башкы өзгөчөлүгү кооздукта, бизде дубалдар көркөм сүрөттөр менен кооздолгон. Ошол себептен Арт-отель деп атаганбыз. Ал өзүнчө атмосфера жаратат. Чакан, ыңгайлуу, баардык шарттары каралган заманбап отель. Азырынча мындай Арт-отель Ош шаарында жок. 

-- Кандайча отель ачып калдыңыз?

-- 12 жашымда катуу ооруп, кулагым укпай калган. Көптөгөн аракеттер жасалды, бирок жыйынтык болгон жок. Ошентсе да мен жашоого оптимисттик көз караш менен карап, ар дайым жаңы нерселерди жасап көргөнгө кызыгам. Башында акча табуу максатында кол өнөрчүлүк кылчумун. Кийин азык-түлүк саткан дүкөндө иштеп, ошол эле учурда бир бөлмөгө хостел ачып көрдүм. Кийин аны эки бөлмө кылып, бара-бара чоңойто баштадым. Учурунда хостел иштетип, айына 2500 долларга чейин киреше таап жүрдүм. Отел ачканыма коноктор өздөрү себеп болду. Көпчүлүгү «Ошко баратабыз, жакшы бөлмөлөр барбы?» деп сурай беришчү. Кээ бир конокторум менен сүйлөшкөндө «буюрса, баардык шарты менен мыкты отель ачам» деп айтып калчумун. Алдыңа максат койсоң, ага сөзсүз жетет экенсиң. Бул долбоорго көп адамдар жардам беришти. John Galt акселераторунан каржылык колдоо алып, ишти баштагам. Данияр Аманалиевге окшогон спикерлер мага мотивация берип турушту. 

-- Кризистен корккон жоксузбу?

-- Менде коркунуч дайым болот. Негизи эле бизнесте тобокелге барып, баардык каражатты салгандан коркчумун. Бир бөлүгүн салып, калганын улам инвестиция кылат элем. Азыркы отелге топтогон өздүк каражатым жетмек эмес. Жогоруда айткандай, колдоо чоң болду. Башында туура эле кылган экенмин, себеби курулуш материалдары дээрлик эки эсе кымбаттап кетти. Журналисттер жакшы жардам берип жатасыздар, сиздер айтып, жазгандан кийин «Ошто ушундай отель бар экен» деп келип жатышат. Ар бир конок биз үчүн кымбат жана баалуу.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер