Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арзыбаган тирешибиз күчөп, эң жакын адамыбыздын өлүмүнө алып келди

Арзыбаган тирешибиз күчөп, эң жакын адамыбыздын өлүмүнө алып келди

10-июль, 09:05
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жумушка байланыштуу кээде кеч келем, караңгыда унаасы бар кесиптештерим үйгө чейин жеткирип коюшат. Муну өз пайдасына бурган кайненем күйөөм жумуштан келери менен уруштун сөзүн баштайт: “Катының бүгүн да кеч келди, өзү келбей дагы бир эркек жеткирип келди. Үйдүн түйшүгүн мага өткөрүп берип, минтип карыганда келин болуп отурам” деп көнгөн обонун созуп баштайт. Ушунча жылдан бери экөөбүздүн ортобузда чайналып бүткөн Бекжан столду “тарс” эттире бир коюп, сыртка чыга жөнөдү. Акыркы күндөрү өзүнүн деле жылдызы түшүп, үйдөн качып жолобой калган. Же биз тура электе таң атпай кетет, же баарыбыз уктаганда, түн жарымында жылып кирип жатып алат. Ачка келгенине деле кайыл, аарынын уюгундай ызылдаган үйдөн тынчыраак бир бурч тапканына каниет кылгандай.

Бул жолу да сыртка чыга качкан. Күйөөмдүн артынан издеп жөнөдүм. Короону айландыра карап, «эс алганда келип жатаар» деген ой менен бөлмөмө бет алдым. Эртең менен таң аппак атыптыр. Күйөөм ордунда жок. «Дагы эрте турган экен» деп маани бербей, жумушка камына баштадым. Сыртка жаңы чыга бергенде кайнатамдын ачуу кыйкырыгы угулду. Кантип жетип барганымды билбейм, уй короодо күйөөмдүн асылып турган денесин кучактап, өкүрүп ыйлап туруптур... Андан аркы окуялар коркунучтуу кинонун лентасындай көз алдыман чууруп өтүп атты. Кошуналардын чогулганы, кайненемдин башын муштап ыйлаганы, күйөөмдүн суналган денесин боз үйгө киргизгени, балдарымдын эси чыгып, мени кучактап ыйлагандарын нес абалда гана карап турдум. Качан гана төркүнүм келип үстүмдөгүлөрдү чечип, башыман ылдый кара түндөй болгон оор кийимди кийгизгенде ойгонгондой болдум. Ошентип отуздан ашканда кара кийип, жесир аталып, бир бурчта бүрүшүп отурдум. Дагы да тилин тартпаган кайненем элди көзгө илбей, ушунун баарына мени күнөөлөп, каргап-шилеп атты. Ботодой боздоп күйөөмдү акыркы сапарга узаткандан кийин мени төркүнүм алып кеткени калды. Ашы тургай кыркылыгына чейин экөөбүз бир үйгө батпасыбызды түшүнгөн соң, калганымды эч ким туура көргөн жок. Ошентип, кайненем экөөбүздүн арзыбаган нерсе үчүн тирешибиз уланып атып, эң жакын адамыбыздын өлүмүнө алып келди.


Айзат  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер