Айгүл Абдраева министр болууга ашыгып, билим берүүнүн шамын өчүргөнү жатабы?


Мурда аты-жыты белгисиз Айгүл Абдраева жаңы бийлик келгени И.Арабаев атындагы КМУга проректор, билим берүү жана илим министрлигине орун басар, азыр болсо аталган окуу жайда ректор болуп иштеп атат. Артка тартуу менен. Жетекчилик жөндөмү начар, окумуштуулук таланты ортозаар, көптүн бири сыяктуу эле сыпатталат.
Кайдан-жайдан экени белгисиз, Айгүл Жапарованын атын жамынып, эже-сиңди мамиле күткөнгө жетишип, ошонун деми менен карьера жасаган кербезиби? И.Арабаев атындагы КМУга имарат жетишпей атса, 10-кичирайондогу корпусун мэрияга тарттырып жиберип, бүтүндөй коллективдин, студенттердин каарына калды. Университеттин кызыкчылыгын көздөбөй, иштин көзүн билбей, коркок-билиштик менен кедеринен кетти. Азыркы учурда студенттер борбордук имаратка батпай, кезек менен окуп жатышат. Мындай шартта каяктагы өсүү жөнүндө сөз кылабыз? Бир окуу жайдын баркына жете албаган, бүлүндүрүп, кемиткен Айгүл Абдраева амбициясын ойготуп, билим берүү жана илим министри болууга жан үрөп жатабы? Эгерде тааныш-билиштин аркасы менен секирик жасаса, анда элестете бергиле. Ансыз да арабөк абалдагы билим-илим шамы өчөт. Системаны талкалап туруп, басып кетеби? Бирок ушундайлар жолдуу болот экен. “Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт” дечү беле?
"Азия Ньюс" гезити











