Гүлсана Бапаева: “Ысыкта мээге кычкылтек барбай калганда адамдын эси оойт”

-- Учурда аптап күндөрү коомдук транспорттордо эсин жоготуп койгон адамдар көп кездешүүдө. Кайсы дартка чалдыккандар мындай абалга тушугат? Кантип сактанса болот?
-- Ысыкта эмне үчүн адам эсин жоготот? Мээге кычкылтек барбай калганда эси оойт. Кычкылтек адамдын кан тамырындагы артерия деген кан тамыр менен барат. Демек, артерия кан тамырынын ичи таза, ичиндеги эритроциттер бырышкан эмес болсо, алардын ичинде кычкылтек жакшы жүрөт да, баардык жакка жакшы жетет. Демек, адамдын эмнеге эси ооп калды? Себеби, кандын ичи керексиз нерселерге көбүрөөк толуп калган. Артериядан тышкары, лимфа деген тамыр бар. Лимфанын ичине керексиз нерселер толуп калган болсо, алар жооноюп, кан тамырды кысат дагы, адам эсин жоготот.
Башка себептери да толтура: кан басым түшүп кетсе же көтөрүлсө, дене табы көтөрүлсө да эси оойт. Негизи, өз учурунда дарыгерге кайрылып, дарттын себебин аныктап алган туура болот. Адам өз ден соолугу үчүн кайдыгер болбой, алдын ала кам көрүп, сактанганы оң.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити