Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдылда Мусаевдин кыргыз котормосуна кошкон албан салымы

Абдылда Мусаевдин кыргыз котормосуна кошкон албан салымы

28-декабрь, 12:00
1 106 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн, албетте, кыргызча сүйлөө, жазуу, айтор, коомдук турмуштун бардык тармактарында активдүү пайдалануу шарт. Мындай болуш үчүн эмне кылуу керек? Азыркы абалыбызда жөн эле “кыргызча сүйлө”, “кыргызча жаз” деп демите бергенден эч нерсе өзгөрбөйт, мамлекеттик тилибиз өнүгүп кетпейт. Буга ар бирибиздин эмгегибиз, аракетибиз керек. Алды менен дүйнөлүк цивилизациядан обочодо калбаш үчүн адамзат жетишкен интеллектуалдык байлыктарды кыргызчага сапаттуу которуу зарыл. Муну түшүнгөн илим-билимдүү инсандар куру кыйкырык, ураан чакырыктарга азгырылбай, акырын отуруп алып, эбегейсиз жумуштарды жасап жатышат. Алардын бири профессор Абдылда Мусаев. Ал билим берүүнүн белгилүү уюштуруучуларынын бири, коомдук ишмер, окумуштуу катары далай эмгектерди жаратып жатканына күбө болуудабыз. Бирок ал котормо жаатында да үзүрлүү эмгектенип келе жатканын баары эле биле бербейт.

Абдылда Мусаев «Сүрөткер: адамдык жана чыгармачылык тагдыр», «Чыгармачылыктын психологиясы», «Гармония: мезгил–адам–коом» ж.б. көптөгөн китептердин автору катары элге белгилүү болсо, кийинки мезгилде котормо жанрында автивдүү эмгектенип, чыгармачылыгынын дагы бир өңүтүн ачууда. Котормочулукка киришкенде эле Чыңгыз Айтматов менен япон ойчулу Дайсаку Икеданын «Ода величию духа» аттуу дил маегин кыргызчалатып (Улуу рухтун одасы: Дил маектер. Чыңгыз Айтматов жана Дайсаку Икеда (которгон профессор А.Мусаев), б.: 2016. – 352 бет), эки улуу инсандын адам, коом, дүйнө руханий дүйнө, азыркы күндөгү глобалдык проблемалар, адамзаттын кейиштүү тагдыры менен келечеги тууралуу философиялык суроолорду коюшуп, биринин оюн экинчиси улаган кызыктуу маектерин кыргыз тилинде жашап калышына зор жардамын тийгизген. 

Чындыгында, кыргыз тилине мейли көркөм чыгарма, мейли макала, мейли эл алдында сүйлөнгөн сөздөрдү которуу биздин эл үчүн тарыхый зор мааниге ээ. Котормо адабиятты адабият менен байланыштыруучу, өз ара жакындаштыруучу эң маанилүү каражат гана эмес, бул көркөм чеберчиликке үйрөтүүчү чоң мектеп, устакана катары тил маданиятын, эстетикалык татымды өстүрөт. Ал эми философиялык ой жүгүртүүнү бир тилден экинчи тилге сүйлөтүү оңойго турбайт, аны кыргыз тилинде кайрадан жаратуу үчүн мыкты талант керекКөркөм чыгарманы которууга караганда, өз доорунун алдыңкы ойчулдарынын философиялык терең ойлорун, же диалогду которуу албетте кыйынчылыкты жаратат. Бул үчүн терең билим, мыкты сапат керек, ойду чеберчиликте айта билүү, тилдерди жакшы өздөштүрүү, жеке стилге жетишүү зарыл. Экинчиден, дил маек, баарлашуу сыяктуу эмгектер кыргыз адабиятында жарала элек чыгармалардан. Мындай татаал суроолордун жандырмагын чечүүгө аракеттенген чыгармаларды кыргызчага которуу, кыргыз тилинде жеткирүү татаал, оор, кыйын.

«Улуу рухтун одасында» Айтматов менен Икеда маектешүүсүндө турмуштук байкоолорун, тажрыйбаларын ортого салышып, сырдашышкан. Бул эки инсан пикирлеш, чыгармачылык түйшүктөрү окшош, бири-бирине билими, көз карашы дүйнө түшүнүгү менен дал келип, оор, татаал проблемалар, руханий дүйнөгө болгон кызыкчылык, батыш эли менен чыгыш элинин ой жүгүртүүлөрү тууралуу сөз козгошкон. 

Маекти маданияты бийик, интеллектуалдуу ой жүгүртө алган адам жакшы түшүнө, жакшы өздөштүрө алат. Албетте, мындай эмгектин котормосу да ошого дал келиши керек. Эмгектен байыркы эллин элинин маданияты, миф, фольклор, философия, дүйнөлүк даанышмандардын айткандары, учкул сөздөр, адамды тарбиялоодогу диндин таасири, рух темасы сыяктуу чечилбеген суроолорго жооп ала алабыз. Ошодой эле биз билүүгө зарыл жана жалпы адамзаттын кызыкчылыгы үчүн демократия, гармония, гуманизм, руханий жактан жоготуу, чыгармачылыктын психологизми, чыгармачылык тагдыр, чыгармачылык түйшүк ж.б. боюнча сунуштары кыргызчага улуттук тилдин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, көркөм котормого ылайыкташып кетпестен, түп нускадан айырмаланбастан, маани-маңызы кемитилбестен которулган. Албетте, бул котормону кыргыз котормо илимине кошулган жаңы салым катары бааласак ашыкча айткан болбойбуз. 

Ушундай алгылыктуу котормосунан кийин Абдылда Мусаев котормо жанрындагы эмгектенүүсүн улантып, япон ойчулунун дагы бир маеги – белгилүү окумуштуу, М.Ломоносов атындагы МГУнун ректору В.Садовничий менен «На рубеже веков. Разговор о главном» аттуу он беш жылдан ашуун убакытка созулган дил маегин (маектин биринчи бөлүмү 2004-жылы жарыяланган) кыргызчага «Кылымдардын кыйырында. Маанилүү маек» (2024) деп которгон. (Кылымдардын кыйырында. Маанилүү маек. В.В.Садовничий жана Д.Икеда (которгон профессор А.Мусаев). – Б.: 2024. – 448 бет). Бул эмгекте япон ойчулу орус окумуштуусу, математик В.Садовничий менен билим берүү тармагы, бала тарбиялоо, дүйнө глобалдашып жаткан учурдагы университеттердин орду, келечекке ой жүгүртүү сыяктуу суроолордун жообун издеген. Тактап айтканда, «адам–коом–мамлекет» кубулушунун азыркы учурдагы абалын кароо менен келечегине сереп салуу өңүтүнөн болгон. Ой толгоо «билим» жана «акылмандуулук» түшүнүгү, маалыматтык коомдун келечеги, өзгөрмөлүү учурда адамды кандай тарбиялоо керек, бул үчүн университеттердин орду, диндин, каада-салттын модернизацияланышы, дүйнө карама-каршылыктуу өнүгүп жаткандыгы жана жасалма интеллекттин кулач жайып баратышы тууралуу көз караштарын, ойлорун ортого салышкан. 

Айтматов менен Икеда байыркы доор, совет доору, баланы тарбиялоо, адам өзүнө «мен киммин?» деген суроону коюу жана жооп берүүгө аракеттенишсе, Д.Икеда менен В.Садовничий экөө билим жана даанышмандык, эркиндик жана теңдик, үй-бүлө жана мектеп, келечек, дин, жаңы диндин пайда болушу, билим берүүдөгү диндин орду, илим жана билим берүү, университеттик билим, батыш жана чыгыш маданияттарынын жуурулушуусу келечекке кандай жол көрсөтөрү ж.б. тууралуу ой жүгүртүшкөн. Эки башка элдин, эки башка маданияттын, эки башка диндин өкүлдөрү болгон адамдар сыр төгүшүп, чер жазыша сүйлөшүшкөн.

«Кылымдардын кыйырында» дил маегинен окурман көп нерсени ала алат. Жогоруда айткандарыбыздан сырткары, Россия мамлекетинин билим берүү системасы, билим берүүнүн келечеги кандай болору, окутуу системасы, математика ж.б. тууралуу кең-кесири маалымат ала алат. Экинчиден, эки ойчулдун ой-калчоолорун, чыгармачылык деңгээлин, дүйнө түшүнүгү билинип, окурман көп нерсени түшүнө алат. 

Эки дил маекти оригиналы менен салыштырып караганда, котормочу абдан изденип, мыкты маектерди сапаттуу которууга аракеттенгендиги, котормонун спецификалык өзгөчөлүгүн өздөштүрө алгандыгы жана жанрга коюлган талапты так жана толук аткаргандыгы анык. Жыйынтыктап айтканда, Чыңгыз Айтматов менен Д.Икеданын, Д.Икеда менен В.Садовничийдин белгилүү дил маектери жемиштүү, натыйжалуу кыргызчалатылганы котормолордон белгилүү болду. 


Динара Асакеева, филология илимдеринин доктору, профессор 

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер