Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чай кайнам мурун эле “үйгө баратам” деген Гүлмира оо дүйнөгө кете берди

Чай кайнам мурун эле “үйгө баратам” деген Гүлмира оо дүйнөгө кете берди

20-октябрь, 17:33
2 557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаан тамчылары. Тып... тып... тып... Акырындап жанатан жааган жамгыр токтогонсуп баратты. Тынбай ыйлаган асман солкулдап-солкулдап, шолоктоп-шолоктоп алып, соолуккансып баратты...

Чай кайнам мурун эле Гүлмиранын “үйгө баратам” деген добушу уюлдук телефондон жаңырган. Мына заматта үнү катты. 

Гүлмиранын үч күндөн соң туулган күнү болмок. Болгону жыйырма бир жашка чыкмак... “Туулган күнүмдү апам менен менен бирге тосом” дегенин угуп, жигити   туулган күнүн эртерээк белгилөөгө чакырган. Гүлмира бул жолугушууга айрыкча сулуу болуп келди. Аппак көйнөк кийип келди. Абай Гүлмиранын колуна белеги менен жыты буркураган, жаңы ачылган сирендерди карматты. Экөө паркты аралай көпкө басышты. Сырдашты. Көздөрүнө алдыдагы бактылуу күндөр тартылып турду. Гүлмиранын жашоодон муздап, муңканып бүткөн жүрөгү бүгүн биринчи ирет бактылуу эле. 

Сулуулугунун айынанбы, жашабай жатып көптү көргөн. Биринчи турмушунан бактысыз болуп, нечен жолу жаздыгы жашка жуулуп, жүрөгү зилдеген. Акыры ажырашып тынган. Курсагында келген ымыркайы жарык дүйнөгө келгенине 8 ай болуп калган. Кызын ойлоп кеттиби, кокустан эле Гүлмира үйүнө шашып калды. Абайдын “жеткирейин” дегенине да макул болбоду. “Борбордук көчөлөр го, тез эле жетип алам” деди. Жалгыз жөнөй берди. Сыртты караңгылык каптап калган. Ыңаалаган кызынын үнү кулагына жаңырып, экинчи көрбөй калчудай шашты. Көрсө, Гүлмиранын ар бир кадамын ажал аңдып турганбы... Мас абалда руль башкарган корей улутундагы жигит Гүлмираны уруп кетти. Анысы аз келгенсип, жардам берүүнүн ордуна корей жигит көз ирмемде ың-жыңсыз жок болду. Гүлмиранын аппак көйнөгү кан менен топуракка жуурулушуп, жансыз жатты... Айлананы каптаган жымжырттыкты дыбыраган жамгырдын тамчылырынын үнү бузду...

Эрмек

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер