Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Жолду сактоо үчүн стационардык таразаларды иштетели”

Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Жолду сактоо үчүн стационардык таразаларды иштетели”

18-декабрь, 09:00
338 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил Эрикович, жолдордун сапаты боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Сапатты көзөмөлдөө үчүн сиздин оюңузча кандай чаралар керек?

-- Акыркы жылдары Кудайга шүгүр, жакшы жолдор салынып жатат. Өткөн жылы 20 миң тонна битум алынса, келерки жылга 30 миң тонна алууну министрлер кабинетинин төрагасы айтты. 10 миң тонна битум менен дагы канчалаган чакырым жолдор салынарын айгинелейт. Бул жакшы. Бирок, биз жолдордун сапатына да карашыбыз керек. Сапатты көзөмөлдөө максатында сунушубузду, протоколдук тапшырмабызды бердик. Азыр көмүр ташыган оор унаалар тынымсыз каттап атат, бирок жолдо бир дагы тараза жок. А тараза жок болсо ким көзөмөлдөйт? Аны кандай кылабыз?

-- Азыр долбоорду талкуулоо учурунда сиздердин суроолорго алынган жоопторго караганда, көзөмөл мобилдүү болот экен...

-Анын натыйжалуулугу жок. Алар барып эмне кылат? Ээн талаадан кармап алып, жүгүн түшүрүп коймок беле? Түшүрбөйт да. Айып пул салат. Мындайча айтканда, акча чогултмай эле. Кагазды жазып берет, ал унаа болсо кете берет, жолду талкалай да берет. Айып пул болгону 5 миң сом экен, аны төлөп коюп, ташый берет. Кеп ошондо болуп атат! Стационардык таразалар керек. Ашыкча жүк менен келген унаалардын ашыкча тоннасын жерге түшүрүп, карапайым элге таратсын.

Мен ашыкча жүктөгөн карьерлерге айып пул салуу боюнча да сунуш бердим. Себеби, мыйзам бузуу казып аткан жерден башталууда. Олчойтуп жүктөп берип коюшат, жоопкерчиликтери жок. Ошон үчүн булакты башынан бууш керек... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер