Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Нурдинов: "Муфтийлик орун үчүн күрөш эки адамдын ортосунда болот"

Бакыт Нурдинов: "Муфтийлик орун үчүн күрөш эки адамдын ортосунда болот"

30-март, 01:08
1 115 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү менен маек.

-- Бакыт мырза, муфтиятта шайлоо иштери башталып атканынан кабарыбыз бар. Ошентсе да сизден толук маалымат алсак кандай болот?

-- 17-февралдан 17-мартка чейин устав боюнча азирети муфтийдин ордуна, аалымдар кеңешине, борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына атайын 6 кишиден турган аттестациялык комиссия түзүлүп, талапкерлерге катышууга жарыя кылынган. Учурда муфтийликке 8 талапкер, аалымдар кеңешине 75 талапкер, борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына 21 адам арыз тапшырды. Комиссия азыр документтердин үстүндө тыкыр иштеп атат. 29-мартка чейин кимдин документтери так болсо экзаменге коё берет. 9 кишиден турган аттестациялык комиссия экзамен алып, баарын аныктайт. Ошол эле учурда аалымдар кеңеши добуш берүү шартында азирети муфтийди, борбордук текшерүү комиссиясын шайлайт. Аалымдар кеңеши талапкерлердин арасынан курултайга делегаттарды тандайт. Кыргызстан мусулмандар курултайы 5-апрелге белгиленген. 230 делегат аалымдар кеңеши шайлаган азирети муфтийди, борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын бекитет. 

-- Азирети муфтийдин ордуна 8 талапкер аттанып атыптыр, алар кимдер?

-- Бир орунга 8 талапкер аттанды: Нурбек Токтогулов, Сайдемир Жээналиев, Султаналы Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Шүкүр Исмаилов, Шакир Маматов, Нематилла Жээнбеков жана Ниязали Арипов. Бирок, негизги атандашуу, күрөш акыркы мен атаган эки гана адамдын ортосунда болуп жана кийинки жумаларда билинип калса керек. Аалымдар кеңеши бир талапкерге токтолот.

-- А өзүңчү?

-- Өзүм болсо борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалык кызматына талапкерлигимди койгом. Бир орунга 21 киши болуп атат. Кудайдын айтканын көрөбүз. Экзаменинен жана аалымдар кеңешинен өтүп кетсем, ал кызмат да буюруп калар...    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер