Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Суваналиев Баткенден кеткенден кийин контрабанда, баңгизат гүлдөй баштады

Генерал Суваналиев Баткенден кеткенден кийин контрабанда, баңгизат гүлдөй баштады

20-май, 12:46
2 307 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусунун аймагынан 440 кг героин өтүп, Ош облусунан кармалды. Бул эмнени билдирет? Мамлекетибиздин эл аралык чөйрөдөгү аброюн түшүрүүдө.  Генерал Өмүрбек Суваналиев ушул жааттагы арам бизнеске жолтоо болуп, ошонун кесепетинен кызматынан алынганы ачыктала баштады го... Эгерде каарманыбыз Баткендин губернатору катары иштеп турса, мындай ыплас көрүнүш Тажикстан тараптан Кыргызстаныбызга аралай алмак эмес. Аз күн мурда дагы контрабанданын рейстери өтүп атканы интернет айдыңына жайнап чыккан. Мунун баары “Комиссар Каттани” жумуштан алынгандан кийин болуп атпайбы! Ал эми мурда контрабандага шектелген, көп сандаган курал жоготуу боюнча кылмыш ишине кабылган Абдикарим Алимбаев Баткенге (өкмөттүн өкүлү) барган күндөн тарта ушундай ыплас жоруктар чыга баштады эй! Мындай көмүскө жол менен баңгизат, мыйзамсыз товарлар ташыла берсе, булардын уюшмасын кан жутуп турган эл көтөрө алабы? Баткендеги дээрлик жетекчилик орундарга өзүнүн жакындарын койдуруп алган Арзыбек Бурканов көмүскөдөн башкарып атса, анда бийликтин күнү кандай бүтөт? Дагы суроолор алдыда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер