Дүйшөнбек Камчыбеков: “Тоо-кен тармагы экономиканын локомотиви бойдон калууда”
Азыркы бийлик тоо-кен тармагына бир миллиард сом бөлдү, анын басымдуу бөлүгү техника жана ар кандай заманбап аспап, шаймандарды алууга жумшалат, ошондуктан жылдар бою түзүлүп келген абал бир топ жакшырууда. Бул боюнча тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков агай ой бөлүштү.
-- Жакынкы күндөрү геологдордун кесиптик майрамын белгиледиңиздер. Тоо-кен тармагына өкмөттүн көз карашы тууралуу айтсаңыз?
-- Тоо-кен тармагында көп жылдар бою эмгектенген Эгембердиев Самыйбек деген мыкты адам болгон. Ошол адам дайыма "убагында Сталин дагы геологдорго өтө көңүл бөлгөн" деп айтып калчу. Бүгүнкү күндө геологдор металлды таап берип жатат. Үйдө колдонулчу эмеректер, кашык-вилкалардан бери металлдан жасалат. Керек болсо геологдордун жер алдынан тапкан сууларын дагы биз ичип, пайдаланып келебиз. Жалпы эле тоо-кен тармагы экономикабызга сөзсүз салым кошуп жаткан бирден-бир тармак.
Бүгүн энергетика, айыл чарба жаатындагы көйгөйлөрдү көрүп жатабыз. Энергетика тармагына, айыл чарба тармагына миллиарддаган каражаттар жумшалат. Быйылкы жылга чейин тоо-кен тармагына көңүл бурулбай келген. Геологдор жер алдындагы кен байлыктарды таап, экономикага эбегейсиз салым кошот, бирок тармакты өнүктүрүүгө мурда мамлекеттик бюджеттен жылына болгону 20 миллион гана сом бөлүнүп келген. Азыркы бийлик тоо-кен тармагына бир миллиард сом бөлдү, анын басымдуу бөлүгү техника жана ар кандай заманбап аспап, шаймандарды алууга жумшалат. Ошондуктан жылдар бою түзүлүп келген абал бир топ жакшырууда. Кумтөр ишканасы мамлекеттин колуна өткөндөн бери тармакта тартип орнотулду.
Жылдан-жылга геологдор таап берген металлдарга тоо-кенчилер 2022-жылдын жыйынтыгы менен салык түрүндө 31,5 миллиард сом акча төлөгөн экен. Ал эми 2023-жылы бул көлөм 33,5 миллиард болуп, бир жылда 2 миллиард сомго өсүш бар. Дагы бир жакшы жагдай, мурда Кумтөр кенин иштетип жатканда башкы келишимде жазылган жобо боюнча “Центерра” жалпы тапкан кирешесинин 4%ын чалгындоо иштерине жумшашы керек болчу. Кумтөр өзүбүзгө өткөндөн тарта 4% өлчөмдөгү акчаны 2015-жылдан 2021-жылга чейинки акчаны жалпылап эсептеп, 2022-жылдагы 31,5 миллиард сомго кошуп төлөп бергенде 48%дан ашык каражат түшкөн. Бул негиздерге таянып, тоо-кен тармагын экономикабыздын локомотиви катары айтсак болот.
Бизде союз убагынан бери тоо-кен тармагына көп көлөмдөгү акчалар бөлүнбөгөнүнө байланыштуу, бул тармакка пайдаланылып жүргөн шаймандар, буровой агрегаттар, чалгындоо иштерин жүргүзө турган аппараттар жокко эсе болуп калган. Бүгүнкү күндө бөлүнүп жаткан каражаттын 70%га жакыны жаңы техникаларды, шаймандарды, аппаратураларды алганга, ал эми калган 200-300 миллион сому баштапкы чалгындоо иштерине жумшалса жаман эмес.
Геология мекемесинин маалыматы боюнча жалпы Кыргызстанда 2400 лицензия берилген болсо, ошонун төрт жүздөн ашыгыраагы алтын кендерин иштетүү жана чалгындоого арналган. Анын ичинде 130 лицензия кендерди иштеткенге берилген. Бул боюнча лицензия берүү жылдан жылга саны азайып, бирок сапаты жогорулап баратканын баса белгилеп айтсак болот.
-- Биздин жерибизде кендин түрлөрү арбын. Балким форфор да чыкса керек?
-- Бизде форфор саянс санузелдерди чыгара турган бентомит чополор бар. Бирок көп чыгарылбай калган. Мүмкүнчүлүктөр бар, балким, келечекте ишке ашып калат деген ишеничтемин. Менделеевдин таблицасындагы элементтердин көбү бизде бар. Муну жакшы жүргүзүлгөн чалгындоо иштери менен таап, ишке ашырсак, бюджетке түшө турган каражат мындан көбүрөөк болору айкын.
-- Жалпы алтын кендери тууралуу да окурмандар үчүн кызык болсо керек…
-- Биринчи кезекте Кумтөр, Жерүй алтын кени, Кеминде жайгашкан Талды-Булак кени бар. Муну сол жээк деп коёт, бул жакта "Алтын кен" деген компания "Кыргызалтын" менен кытайлыктар ортосунда келишим түзүшкөн. Андан тышкары, Чаткал жергесинде жайгашкан түрктөр иштеткен Эти бакыр Терек-Сай да "Кыргызалтын" менен биргелешип иштешип жатышат. Макмалды учурунда кытай инвесторлоруна берип, бирок инвесторлор шарттарын жакшы аткарбай, бүгүнкү күндө "Кыргызалтын" жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Нарын жергесинде жайгашкан Солтон-Сары кени бар. Андан тышкары, кытай компаниясы иштетип жаткан Иштамбердини алалы. Ал жерде жез, күмүш өндүрө турган “Бозумчак” компаниясы бар. Алай жергесинде жайгашкан кендерибизди айталы. Алар дагы эң сонун иш алып барууда.
-- Мурда Кумтөрдөн 18 тоннанын тегерегинде алтын алынчу, бүгүн кандай?
-- Эң эле көп 21 тоннадан ашык алынган учурлар болгон. 2022-жылы 17,3 тонна алтын алган болсок, былтыркы планга 14 тонна алтын коюлган. 13,5 тоннага жетти. Бүгүнкү күндө алтындын баасы 2288 доллар болуп көтөрүлүп жатат. Бул бир унциясы. Алтындын көлөмү аз болгону менен акча жагынан пландан ашканын айтсак болот. Жылдан жылга иш оорлойт. Мисалы, карьердин эң жогору жагы 4200 метрдин деңгээлинде болсо, ал эми ылдыйкы иштете турган точкасы 3700 болушу шарт. Ошондо 500 метрге чейин вскрыша жумуштарын жүргүзүү зарыл. Ага чоң көлөмдөгү техника каражаттары керек. Буга бир айда эле 60 миллион доллардан кем эмес каражат эксплуатациялык чыгымга кетет. Кээ бир жерлеринде алтындын көлөмү жогору, айрым жерлеринде төмөндөп кетет. Төмөндөп кеткенине байланыштуу кээде жылдык пландар аткарылбай калган учурлар болот. Кумтөрдүн өзүндө мурдагыдай кенди ачык түрдө казуу менен бирге жер алдынан кен казуу долбоору да башталды. Негизи кенде курамы алтынга бай жана кедей бөлүктөрү болот. Технологиялык мындай учурду да сөзсүз эске алуу керек. Кээ бир жерлерде алтындын көлөмү көбүрөөк, айрым жерлерде азыраак да. Азыраак болуп калганда алтын өндүрүүнүн көлөмү да солгундап, коюлган жылдык план аткарылбай калышы мүмкүн. Ошондуктан кошумча жер астынан алтын казуу долбоорун баштап жаткандары абдан жакшы көрүнүш. Бүгүнкү күндө ачык жол менен иштетүүдөгү алтындын кору 2028-жылдардан кийин чектелип калат. Ошого биз ачык жол менен иштетүүгө кошумча дагы алтындын корлорун даярдашыбыз керек. Эгерде 2028-жылдан кечигип кала турган болсок, анда ошол жердеги иштетип жаткан чоң рудаларды ташыган жүздөн ашык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, бурголоочу техникаларды иштеткен миңдеген адистер жумушсуз калуу коркунучу бар. Ошондуктан ачык жол менен иштете турган алтындын корлорун даярдап, таап коюшубуз абзел.
-- Алтындын баасын көтөрүүгө Кыргызстан таасир эте алабы?
-- Биз андай таасир бере албайбыз. Өндүрүп жаткан алтыныбыздын көлөмү өтө төмөн. Мисалы, коңшу Өзбекстан 80-100 тоннага чейин алтын өндүрөт. Запасы менен алганда деле 30-орундан артта туруп калабыз. Улуттук банктын айтымында, 20 тоннага чейин сакталып турган таза алтыныбыз бар. Учурунда бул долбоорду алгандан баштап запастап Улуттук банкка калтыра баштадык.
Бүгүнкү күндө геологдор өз милдеттерин даана, так аткарып жатат. Биздин тоо-кенчилер ассоциациясында алды 60 жылдан ашык, арты 40 жылдай иштеген геолог ардагерлер бар. Ошондуктан бул тармактагы өнүгүүлөр али алдыда.