Марат Иманкулов даражалуу кызматтын баркын кетирдиби?

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов тапанча атканын пиар кылып, соцтармактан улам айландырып, ушул жагынан кумарланып алдыбы? Кызык, бакыйган орунду ээлеп отуруп, бирок ишинин үзүрүн көрсөтпөгөнү эмнеси? Коопсуздук кеңешинин катчысын алсак, бул кызматтын олуттуу орду бар. Бүтүндөй күч органдарын координациялап, маалыматтарга карата анализ жүргүзүп, өлкө коопсуздугуна салым кошушу керек да. Ооба, мурдагы бийликтердин учурунда чоң жыйындар өтүп, мамлекеттеги маанилүү маселелер так ушул кызматты аркалаган адам аркылуу жүргүзүлчү. Коопсуздук кеңешинин катчылыгына качан гана Марат Иманкулов дайындалганы баркы кетип, орду жоголдубу? “Аты улук, супарасы курук” дегендей, абройлуу даражасын түшүрүп салган кербезиби? Айласыздан баш чайкайсың да...
"Азия Ньюс" гезити