Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Борбукеева: “Кашкар Жунушалиевди сотко алып келсе, эл тытып жеп салат”

Рита Борбукеева: “Кашкар Жунушалиевди сотко алып келсе, эл тытып жеп салат”

20-декабрь, 09:00
5 294 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рита айым, Кой-Таш окуясы боюнча соттук иштерге барып жүрөсүң. Бул коогалаңда Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаевди күбө катары тартып көрсө болот беле? Алардын да окуяга тийешеси бар эмеспи, туурабы?

-- Күбө эле эмес, алар айыпталуучу катары өтүшү керек. Анткени, Орозбек Опумбаев ЖКнын жыйынында “бул операцияны төрт түрдүү ойлонуп, анан ушундай методду президент одобрять этип, биз ишке ашырдык” деп айткан. Бул атайын адамзатка каршы кыйноо, кызмат абалынан одоно пайдалангандык. Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков да чакырылып, суралышы керек. Очный ставкага Опумбаев, Жээнбеков, дагы үч киши бар. Анткени, “беш киши билебиз” деген. Эми ошону ачыктасын да. Дагы бир жолу айтам, булар күбө эмес, кылмышкерлер, адам өлтүрүштү. Спецназдын куралынан чыкканын комиссия тактаган. Атамбаевдин наградной куралынан бир да ок чыкпаптыр, магазини толтура боюнча деп көрсөттү го.

-- Кашкар Жунушалиев тууралуу да айта кетсең?

-- Негизи, штурм алдында ИИМ менен УКМК тирешип, бул операцияны “мен алам, сен аласың!” деп талашыптыр. Ал эми Кашкар Жунушалиев жөнөкөй элдин баарын камап, коркутуп, Алмазбек Шаршеновичке жалган көрсөтмө чогулттурду. Аны сотко алып келсе суроо өтө көп болот. Бирок, элдин алдына алып чыкпайт го, өтө кооптуу. Сабалган, атылган эл аларга өтө нааразы. Тытып жеп салышы мүмкүн. Шаардын өйдөкү аймагындагы элдин ызасы батпай баратат...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер