Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысык-Көлдө бай үй-бүлө жетим балага мал кайтартып, окутпай коюшкан

Ысык-Көлдө бай үй-бүлө жетим балага мал кайтартып, окутпай коюшкан

14-ноябрь, 11:18
4 025 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жетим балага мал бактырып, мектепке жибербеген Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн тургуну түшүнүк берүүдө.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Булуң айыл өкмөтүндөгү Фрунзе айылында Aryba.kg8-9 жашар балага мал кайтартып, мектепте окутпай жатканы тууралуу акыйкатчынын облустагы жардамчысы, «Акцент» коомдук фондунун өкүлү Анна Макарова айтып чыкты.

Ал баланын иштеп жатканы тууралуу маалымат алып, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен бирге окуя болгон жерге келген. «Баланын аты Илья, анын ата-энеси каза болуп калыптыр. Мектепке да барбайт экен. Ал бир бай үй-бүлөнүн колунда мал багып, уй саайт. Жаңы үй-бүлө балага Кыргызбай же жөн гана «Эй» деп кайрылышат. Илья аба-ырайынын шартына карап кийинген эмес  бутунда резина өтүк жана жеңил кофта, кебетеси начар, от жагуучу бөлмөдө жашайт», — деди Анна Макарова.

Ал эми бул үйдүн кожойкеси баланы балдар үйүнө берем, ал жакта сени урат. Болбосо милицияга берем, анда ого бетер жаман болосуң деп коркутуп алган.

Анна Макарованын айтымында, Ильянын туугандары бар, бирок алар начар жашашат. «Биз акт түзүп, ага айылдык кеңештин депутаты кол койду. Мен үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлдөрүнө чалып, окуя болгон жерге келгиле деп чакырдым. Алар баланы алып алгач ооруканага, андан кийин кайда алып бараарын чечишет деп үмүттөнгөм. Балким «SOS Балдар айылына» алып барышса болмок. Бирок мага «Бул сиздин ишиңиз эмес, аралашпаңыз!», -деген жоопту айтышты. Алар баланы таанышат, ага документ даярдап жатышкан имиш. Анда эмне үчүн баланы ушундай абалга таштап коюшту? Ильяны ал үй-бүлөгө калтырууга болбойт. Ал окуп, билим алышы зарыл», — деди Анна Макарова.

Учурда Ильянын тагдыры кандай болот, жергиликтүү соц.кызматкерлер, айыл өкмөтү кандай чара көрүшөт убакыт көрсөтөт.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер