Ажырашуу – бал айынан да бактылуу күндөрдү тартуулады
Ажырашуудан кийинки күндөр мага бал айымдан да жакшы ырахат тартуулады. Көп жылдарым өтүп кетиптир. Жаштыгым артта калыптыр. Ооба, экөөбүз башында сүйүшүп, бири-бирибизди жакшы көрүп, алдыбызга көп максаттарды коюп, баш кошконбуз. Ал кезде сага деген сезимдерим таптаза болчу. Мага жашоо бейиш сымал уланчудай сезилчү.
Акырындап сезимдерге жарака кетти. Жанда жок өзүмчүл жан болуп чыктың. Эки уулдуу болдук. Жандалбастап бала багууга да, иштөөгө да жетишип, “жашообузда бир нерсе жаратсак, үстүбүздө жаркыраган үйүбүз болсо, балдарыбыз жакшы билим алса” деп далалаттандым. Олчойгон суммадагы кредит алып, аны төлөп, үстүбүздө үй туруп калганына кубанып иштей бердим.
А сенчи? Өзүңдөн артпады. Артмак тургай жетпеди. Кийимдин кымбатын кийип, өзүңдүн гана баскан-турганыңдан алган айлыгың артпады. Шаан-шөкөттү, күн аралата көңүл ачууну, ичип келүүнү жактырчусуң. Арадан жыйырма жылга жакын убакыт өткөндөн кийин сенин накта жүзүңдү тааныдым. Сенин жашооңдо дагы бир аялзаты, мага окшоп өз кара жанын эмес, сенин кызыкчылыгыңды ойлогон дагы бир аялдын жашоосун ээлепсиң. Ал дагы уул төрөп бериптир. “Эл оозунда элек жок” дегендей, баары ачыкка чыкты. Катуу уруштук. Каалганы “тарс” жаап чыгып кеттиң. Артыңдан кат жаздым: “Экинчи келбе, ошол экинчи бүлөңдү бактылуу кыл. Мен жалгыз жашап деле бактылуу жашоо кечирем” дедим.
Арадан бир айдай убакыт өттү. Сен келген жоксуң. Бирок, ушул сен кеткен айда өзүмдү бал айымдан да бактылуу сездим. Жеңилдедим. Жашоо мага, жандүйнөмө жакшы ырахат, жеңилденүү тартуулады. Өзүмдү эчак жоготуп, унутуп коюпмун. Өзүмдү таптым...
Нургиза, Бишкек шаары
Aryba.kg