Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев чукугандай тапкычтыгы менен Сокенин “масаласын” чечкени калыптыр

Атамбаев чукугандай тапкычтыгы менен Сокенин “масаласын” чечкени калыптыр

31-декабрь, 12:31
2 239 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада Сооронбай Жээнбековду “бок-сакка” теңеген Алмазбек Атамбаевдин түрмөдөн жазган каты коомчулуктун бүйүрүн кызытты. “Куп гана жазыптыр” дешип, көпчүлүк катмар биринен сала бирине айтышып, Ала-Тоонун ичине аңыз болуп кетти. Куйкум сөзүн, чукугандай тапкычтыгын коомчулук сагынып калыптыр... Маселенин төркүнүнө келсек, ал катта Атамбаев “эски досунан” өч алууга кызыкпаганын билдирген. Бирок, түрмөдөн аны менен сүйлөшкөн адамдын баамына караганда, тамаша али алдыда экен, эй! Атамбаев ооруканага которулуп, эң оболу ден соолугун чыңдап алса, андан кийин Сокенин “масаласын” чечерин эшиттик. Күтүүсүздөн сокку жасап турары, маал-маалы менен кан ойноткон билдирүү, маектерин берери, аягы барып түрмөгө тыгарын ишенимдүү булак айтып берди. Бул жагынан Атамбаев эч шек санабай, кылмыш иштерин өзү көтөрөрү ыраспы? Эмесе, биз капастагы “Кабыландан” мындан ары да маалымат алганга аракет кылмакчыбыз...


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер