Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурланбек Буркановду акасы эмес, машаяк колдосо да короодон айдалып чыкчудай...

Нурланбек Буркановду акасы эмес, машаяк колдосо да короодон айдалып чыкчудай...

01-декабрь, 10:42
7 069 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ноокат районундагы милициянын ыр-чырынан соң бир катар жетекчилер кызматтарынан кол жуушту. Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов катуу сөгүш алып, орун басарлары да жазаланышты. Ээлеген кызмат ордуна татыксыз экени кашкайды. ИИМдин борбордук аппараты туура баа берди, натыйжада, аз убакытка чейин сыноодо кармайт окшойт. Акасы Арзыбек Бурканов ажого таянып алып, үкасын канчалык калкалабасын, баары бир ишпалдасы чыга турган абалга бараткандай. Аныгында Нурланбек Бурканов иштей албай, ИИМге кедерин тийгизип, милициянын ишин артка тартып атса, машаяк колдосо да короодон айдалып чыгары ырас. Себеби, жасалма түрдө карьера жасаган, эптеп жөлөк-таяк менен жүргөндөрдүн айынан бийликтин беделине сокку урулбашы керек. Ансыз да Ош облусунда оппозициячыл саясатчылардын электораты арбып турганда, саясый кырдаалга таасир этип койбойбу? Башкы укук сакчысы Нурланбек Буркановдун дараметин көрүп атабыз... Тескери кесепети тийип калбайбы?  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер