Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустун изи: Кытай иликтөөлөргө тоскоолдук жаратууда

Коронавирустун изи: Кытай иликтөөлөргө тоскоолдук жаратууда

23-декабрь, 20:00
1 211 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пандемиянын башаты Кытайдын Юньнань провинциясынын токойлуу адырларында жатышы мүмкүн. Бирок бул өлкөдөн маалымат алуу оңой эмес. Акыркы айларда андан бетер татаалдашты.

"Бул жерде маалымат алуу оңой эмес. Бизди артыбыздан калбай аңдып, жолдорду атайын бууп, өткөрбөй коюшту" деди Би-Би-Синин Кытайдагы кабарчысы Жон Судворд.

Аймактагы жарганаттар популяциясы коронавирустун жүздөгөн түрүн алып жүргөнү жана алардын айрымдары адамдарга жугушу мүмкүн экендиги мурдатан белгилүү. Бирок, Юньнаньдагы үңкүрлөрдө жүгүзүлүп келген илимий изилдөөлөр күтүлбөгөн жерден өтө кызык иш болуп чыга келди. Бул жердеги чогултулган үлгүлөр дээрлик миң чакырым алыстыктагы Ухань шаарындагы лабораторияга алып келинет. “Вирус ушул жерден жаңылыштык менен тарап кеткен болушу мүмкүн” деген болжолдор болгон. Бээжин мындай жоромолду кескин четке кагууда.

Би-Би-Си

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер