Акыркы кабарлар
» Коом » Төрт адамдын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталды
Төрт адамдын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталды
25-май, 13:41
789 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстандагы Ош-Бишкек унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда авто кырсык бүгүн түнү саат 01:00 чамасында Ош–Бишкек унаа жолунун 355-чакырымында катталган. Honda Odyssey унаасынын айдоочусу Бишкекти көздөй бара жатып, унаасын чукул бурулушта башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинде 200 метрдей тик жерге ылдый түшүп кеткени айтылат.
«Жол кырсыгынан Кыргыз-Ата айылынын 3 тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн. Айдоочу Т.Б. менен кошо 3 адам каза болгон», - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.