Экс-премьер-министр Абылгазиевдин абалы кандай болот?
Саламаттык сактоонун мурдагы министри Космосбек Чолпонбаев пандемия башталган учурда шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жумуштан алынган. Көп өтпөй кылмыш иши козголуп, суракка чакырылган. Сурак катуу болгонбу, айтор, ал күнү жүрөгү кармап ооруканага түшкөн. Ошону менен министр чуусу басылып калган эле. Бүгүн кайрадан ал иш козголуп, экс-министр кармалгандыгын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.
Алардын маалыматына таянсак, министр мырза бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айыпталууда. Анын жыйынтыгында, камакка да алынды. Бул шалаакылыкка жол берген экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин да жоопкерчилиги бар экенин коомдо айтышууда. Бул иш дагы көпкө изилденип, далай чиновниктер жоопко тартылышы мүмкүн.