Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бегалы Наргозуев: “Жайнаган мамлекеттик башкаруу органдардын кыскарганы элге жакты”

Бегалы Наргозуев: “Жайнаган мамлекеттик башкаруу органдардын кыскарганы элге жакты”

07-февраль, 12:41
1 330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бегалы агай, өкмөттүн жаңы түзүлгөн структурасына, курамына кандай баа бересиз?

-- 48 министрлик жана агенттик, комитеттерден турган өкмөттүн структурасынын санын кескин кыскартып, 12ге түшүрүшкөнү алкоого татыктуу аракет. Бул боюнча көптөн бери айтылып, бирок жасалбай жүрчү. Бизге 12 министрлик да көптүк кылат. Бизге караганда алда канча бай, экономикасы күчтүү Швейцариянын өкмөтү 7 эле министрден турат. Кыргыз “койчу көп болсо, кой арам өлөт” деп бекеринен айткан эмес. Биздин азыркы шартыбызда өкмөт чакан жана ыкчам аракеттерге ылайыкталып түзүлүшү зарыл. Ошондуктан өкмөттүн структурасынын кыскартылышын колдойм. Туура кадам кылышты. Ал эми премьер-министрликке Улукбек Мариповдун көрсөтүлүшү көп талаш жаратып жатат. Бирок президент “бийликке жаштар келсин” деген жаштардын талабын, регионалдык балансты, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбаны эске алды окшойт. Жаш деп эле көчөдө кыйкырып жүргөн бир популистти алып келе албайт да, башкаруу тажрыйбасы бар бирөөнү алып келиш керек. Азыр кыйкыргандардын көбү ошол өзүн премьер-министрлик кызматтан көргөндөр, бирок куру кыйкырыктан башка бир тажрыйбасы, жөндөмү жоктор. Анүстүнө 6 миллион кыргыздын 5 миллиону президент, жок эле дегенде премьер-министр болгусу келет, бирок ал кызматка эки эле орун бар. Ошондуктан ким келсе эле жактырбай сындай беришет. Бул кызматтарды өзүнөн башка эч кимге ыраа көрүшпөгөндөр көп. Бир жыл иштесин, анан көрөлү, иштей албаса баарыбыз сындап, абийирин төгөбүз, иштеп кетсе ийгилик каалайбыз. Азыр баары эле кооз сүйлөйт, бирок кызматка келгенде “колунан кокон келбейт”, Мариповдон башкасын койсо деле ушинтип сындап чыгышат.

-- Экономикалык кризистен чыгуу жагынан алгач кандай кадамдар болуш керек?

-- Бул жагынан жаңы келе жаткан өкмөт өзүнүн экономикалык программасын жарыялаган жок. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн баарында жаңы өкмөт өзүнүн саясый жана экономикалык программасын алдын ала элге жарыялап, ал программаны эл же парламент колдогондо гана өкмөт шайланат. Анан жыйынтыгында ошол программаны ишке ашыра алса өкмөт калат, ишке ашыра албаса өкмөт уят болуп, отставкага кетет. Бизде өкмөт саясый интригалардын натыйжасында гана алмашып келе жатат. Мурун өкмөттөр формалдуу түрдө болсо да өздөрүнүн программасын жарыялашчу. 2010-жылдан кийин бийликке популисттер келишип, “көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, жадагалса эл көзүнө болсо да программасын жарыялап, эл алдында отчет берип турууну унутушту. Эми жаңы бийликтен бул багытта жаңы кадамдарды күтө туралы.

 Сурооңуз боюнча айтсам, менин оюмча, экономиканын баардык фронтторунда кескин өзгөрүүлөргө барышыбыз керек. Айрыкча тоо-кен тармагы биздин экономиканын локомотиви болмок. 2010-жылдан кийин коррупциялык жолдор менен сатылып кеткен 100дөн ашык кендердин шарттарын кайра карап чыгуу менен ал байлыктардан түшүп жаткан пайданын 70%ын элдин казынасына буруу боюнча кадамдарды жасаш керек.

Өндүрүш жана тейлөө тармагын жаңы жолго салуу боюнча инновациялык кадамдарга муктаж болуп турабыз.

Бажыдагы миллиарддарды уурдап жаткан коррупциялык схемалардын бетин ачып, бюджетке буруу зарыл.

Жол жана транспорт системасындагы уурдалып жаткан миллиондорду токтотуу абзел. 

“Манас” эл аралык аэропортунда көптөгөн жылдардан бери ири коррупциялык схемалар иштеп, чоң кирешелер жеке адамдардын чөнтөгүнө кетүүдө, ал уурулардын колуна чаап, кирешелерди мамлекеттин пайдасына буруу убагы эбак эле келген.

Бүт эле тармактар коррупцияланып кетишти. Швед окумуштуусу китеп жазып, Атамбаевге айткандай “Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусу өзү коррупция болуп калыптыр”. Эми азыр коррупцияга каршы күрөш башталды, жаңы бийлик “коррупция менен элдешкис күрөш жүргүзөбүз” деп жатышат. Ушул коррупцияга каршы күрөштөрдүн баарынын жыйынтыгы – бюджетке түшкөн миллиондогон долларлардын суммасы менен аныкталышы керек. Мен жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн жыйынтыктарын баалоо үчүн шарттуу мындай критерийлерди киргизет элем: эгер бюджетке коррупционерлерден 1 млрд. доллар түшүрүшсө “5” деген баа, 800 млн. түшүрүшсө “4” деген баа, 500 млн. түшүрүшсө “3” деген баа сыяктуу... Биз уурулукту токтото албасак, эч качан кризистен чыга албайбыз. Өсүп-өнүгүүгө пайдубал жаралбайт...

-- Бул өкмөт жаңы Конституция кабыл алынганга чейин иштейби? Андай болсо мурдагы курам менен иштешип турууга болбойт беле?

-- Жаңы өкмөт жакшы иштеп кетсе, жаңы Конституция кабыл алгандан кийин деле эл кош колдоп кайра шайлатып алышат. Жаман иштесе анда өздөрүнөн көрүшсүн. Ал эми мурдагы курамын көрдүк, шашылыш түзүлгөн, эптеп эле эт менен челдин ортосундагы жетекчилер болчу. Алар өлкөнү кризистен чыгарып кетери күмөн эле. Ошондуктан убакытты кетирбей өкмөттү алмаштырганы жакшы болду. Жаңы Конституция кабыл алынганга чейин жаңы өкмөттүн дарамети белгилүү болуп калат.

-- Айрым өкмөт мүчөлөрү бул курамга кирген жок. Айрыкча 5-октябрда активдүү жүргөндөр. Буга эмне себеп?

-- 5-октябрдагы төңкөрүштүн активисттери өкмөткө төңкөрүшкө кошкон салымы үчүн киришкен. Андан активисттер улам бир мамлекеттик органды басып ала берип, элди да жүдөткөнү үчүн аларды сооротууга “устукан” катары кызмат берилген. Бирок төңкөрүшчүнүн, популисттин баары эле мамлекеттик кызматта жетекчи болуп иштеп кете албайт. Ал үчүн жетекчилик талант, тажрыйба керек. Анүстүнө алардын айрымдары кызматка жетери менен миңдеген доллардан турган пара ала баштаганы элге билинип калган...

-- Кыскартылган ведомстволор жана алар тууралуу президенттин пикирине комментарий берсеңиз?

-- Президенттин “кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат” дегени мага жакты. 2010-жылдан кийин министрлик жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын саны “жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнап” кеткен. Мамлекеттик башкаруу органдарына кеткен чыгымдарды азайтып, ал үнөмдөлгөн акчаларды жаңы жумуш орундарын түзүүгө жумшоо зарыл. Мен жогоруда айткандай, азыр кризистен чыгуу үчүн министрликтердин саны эмес, сапаты мыкты болуу керек. Бирок бизде мыкты кадрлардын таңсыгы да өтө чоң көйгөй. Кыскасы, президенттин “жайнаган мамлекеттик башкаруу органдарын кыскарттык” дегени элге жакты.

-- Бегалы агай, негизи 120 депутат мыйзамдуу эле отурабы? Ар түрдүү мыйзамдарды кабыл алып, өкмөттү кураганга укуктуубу алар?

-- Жаңы президент шайланганга чейин мамлекетте легитимдүү бир бийлик керек эле, ошондуктан парламенттин убактылуу иштеп турганы туура болду да. Бирок, легитимдүү президент шайлангандан кийин парламент тарап кетсе деле болот. Андан көрө жаңы шайлоого даярданышсын...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер