Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрат Иманалиев УТРКны оңдобой эле кедеринен кетирип жатат

Кайрат Иманалиев УТРКны оңдобой эле кедеринен кетирип жатат

12-ноябрь, 12:00
918 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УТРКнын макамы ар кандай болуп өзгөрүп келатат. Бирде дирекция, бир карасаң комитет боло калат, эми корпорация болду. Бирок “орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт” дегендей, берүүлөрдүн мазмуну, сапаты баягы эле бойдон. Мына, “Ала-Тоо–24” каналынын жаңылыктарын карап көрөлү. Адегенде эле президент, министрлер кабинетинин башчысы чет өлкөлүк элчилерди, конокторду кабыл алганы, мектептердин ачылышы, курултайга даярдыктар, шайлоо болсо шайлоого кам көрүүлөр, жаңы цехтердин ачылышы, түшүм жыйноо, маданият жаңылыктары көрсөтүлөт, күндө ушул. Баягы коммунисттердин заманындагыдан эч нерсеси өзгөргөн жок. Алып баруучулар баягы эле УТРКнын эркайымы Гүлжан Кулмамбетова, эми ага Кыял Шаршеева кошулду. Экөө экрандан элди аллергия кылып бүтүштү. 

УТРКны Кайрат Иманалиев оңдобой эле кедеринен кетирип жатат. Өнүгүү концепциясы жок. Элдин салыгынын эсебинен иштеп жаткандан кийин Кайрат Иманалиев жеген нанын актап, элдин турмушун, көйгөйлөрүн чагылдыра турган программаларды уюштурса болмок, уктап отура бербей. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер