Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Дарыларды сатууга өзгөчө көзөмөл зарыл”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Дарыларды сатууга өзгөчө көзөмөл зарыл”

29-январь, 09:00
619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, азыр жаштардын дээрлик тең жарымы баңгизат колдонот деп үрөй учурган маалымат айттыңыз. Сизде аны тастыктоочу кандайдыр бир фактылар, же изилдөөлөр барбы?

-- Жаштар менен сүйлөшүп көрсөңүз. Мына, мен баягүнү он бештей жаш бала менен отурдум. Ошонун бирөө эле чекпейт экен, калганы жок дегенде бир жолу байкап көргөнүн айтышты. Арасында намазга жыгылгандары да бар экен. “Арак арам, ал эми баңгизатты чексе боло берет” дешет. Мына, көрдүңүзбү! Ошондуктан, бул чоң көйгөй. Менин оюмча, мечиттерде да ушул маселени айтып, түшүндүрүү керек. Жөн эле камап, соттой берсек, маселе чечилбейт.

-Бүгүнкү жыйында аптекаларда курамында баңгизат бар көп дарылар эч кандай рецеби жок эле эркин сатылып жатканы айтылды. Жаштардын арасында баңгизат колдонгондордун саны көбөйүп баратканынын бир себеби ушунда эмеспи?

-Маселенин баары акчада. Баары эле акчаны оңой жол менен тапкылары келишет. Ошон үчүн дарыларды сатууга катуу көзөмөл абдан керек.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер