Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москва сүйүүбүздү талкалады, күйөөм мени көргүсү келбейт...

Москва сүйүүбүздү талкалады, күйөөм мени көргүсү келбейт...

29-апрель, 13:37
1 454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин турмушка чыкканыма 1 жыл боло элек. Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп, бири-бирибизди жактырып эле баш кошконбуз. Башында баары жакшы болчу. Арадан беш ай өтсө да кош бойлуу болбой жүрдүм. Анан күйөөм Москвага кеткен. Ошол жакка баргандан бери аябай уят сөздөр менен сөгүп, болбогон нерселер үчүн урушканы күч алды. Кайненем алыста жүрүп көңүлүңөр сууп калбасын (!) деп мени да Москвага жөнөттү. Бирок мурдагы өмүрлүк жолдошумду көрө алган жокмун. Аз убакытта эле мага болгон мамилеси өзгөрүп калыптыр. Менин барганымды жактырган жок. Ар бир саат, мүнөт сайын көңүл чөктүргөн сөздөрү. Же жасап берген тамагымдан же отуруп турганымдан кынтык табат. Мен арманымды айтсам, "карантин бүтсө себиңди алып, төркүнүңө кете бер" дейт. Кыязы башка аялга берилип калгандай. Мени көрөйүн деген көзү жок. "Москва көз жашка ишенбейт" дегендей түнү менен тескери карап алып ыйлап жатам. Ошентип карантинге тушуккан кайгылуу күндөр уланууда. 

Мээрим, Москва шаары

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер