Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте мектептерди онлайнга өткөрүү шарттары каралууда

Бишкекте мектептерди онлайнга өткөрүү шарттары каралууда

15-апрель, 18:28
816 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте мектептерди аралыктан иштөөгө толук өткөрүү же өткөрбөө маселеси коронавируска чалдыккан окуучу же мугалим менен контакт болгондордун санына жараша чечилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы 14-апрелде кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, чечимди санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери кабыл алышат.

Бүгүнкү күндө Бишкекте үч мектеп толук бойдон жана жети мектептин 11-классы онлайн окуп жатат. Шаар боюнча 1,5 миңге жакын окуучунун ата-энеси баласы үйдөн окуй турганы жөнүндө арыз жазып беришкен.

9-апрелге карата Бишкекте 22 балада жана 16 мугалимде COVID-19 аныкталган.

Мектептердин баары 2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу толук жабылган. Кийин аймактардагы мектептер ишин улантып, Бишкекте жарым-жартылай онлайн окуу башталган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер