(Видео) Өмүрбек Текебаев: “Өкмөткө караганда Матраимов ачык-айкын иштеп жатат”
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев пандемияга байланыштуу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, ынанымдуу сунуш, ой-пикирлери менен бөлүшкөн. Олуттуу маселе козголуп аткан соң, сиздер да төмөндөгү билдирүүгө ортоктош болуңуздар:
“Дүйнөнү каптап, анын ичинде Кыргызстанга да келген коронавирус менен күрөшүү боюнча менин өкмөткө сунушум:
1. Карантиндин эрежелерин кынтыксыз аткаралы.
2. Массалык тестирлеп коронавирус жуккан адамдарды эрте аныктап, аларды эрте дарылайлы.
3. Коронавирустан айыктыра турган дары-дармектер менен өкмөт тез арада камсыздоосу керек.
4. Коронавирус жугуп, оорусу өтүшүп кеткен адамдарды аман алып калыш үчүн өкмөт тез арада жасалма дем алдыруучу аппараттарды (1000 даанадан кем эмес) алып келиши керек.
5. Мамалекет муктаж болгон үй-бүлөлөрдү негизги азык-түлүктөр менен карантин бүткөнгө чейин бекер камсыздашы зарыл.
6. Өкмөт тез аранын ичинде иш пландарын түзүп, алардын аткарылышы боюнча маалыматты элге жеткирип туруусу абзел.”