Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамалбек Ырсалиев: “Бишкекти каптаган ышты кийинки жылдары жеңебиз”

Жамалбек Ырсалиев: “Бишкекти каптаган ышты кийинки жылдары жеңебиз”

30-декабрь, 23:18
4 112 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен шаардын кээ бир көйгөйлөрү тууралуу кыскача маектештик. Анын ичинде азык-түлүктү арзандатуу, жаңы жылдык фейерверк, ыш-түтүндөр маселеси болду.

-- Жаңы жылда салют, фейерверк маселеси кандай болот? 

-- Быйыл салют, фейерверк тургай, жаңы жылдык иш-чарага эч бир каражат коротууну көздөгөн жокпуз. Болгону колубузда турган балатыны коюп, анын мурдагы жылдардагы оюнчуктарын илип, кайрадан колдонуу менен борбордук аянтты кооздоп койдук. Муну менен биз мэриянын бюджетинен 10-15 миллион сом үнөмдөп калдык. Ооба, быйыл салют аттырбайбыз. Буга да жыл сайын 2-3 миллион сом жөн эле кетчү. 

-- Жаңы жылды кыргыздар этсиз өткөзбөйт. Болбоду дегенде пенсионерлер үчүн этти арзан сата турган дүкөндөр болобу?

-- Жеке эле жаңы жыл эле эмес, негизинен эттин баасын түшүрүүгө аракет кылып атабыз. Жакында эле өкмөт башчы бул боюнча жыйын өткөзүп, “жергиликтүү ишкерлерге шарт түзүп бергиле, ар бир районго социалдык негизде павильон коюп, пенсионерлерге, шаардын тургундарына арзаныраак баада эт саткыла” деген тапшырма берген. Бул боюнча ишемби күнү шаарыбыздын чок ортосу болгон Раззаков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде ушундай мааниде жарманке болду. Азык-түлүк продукциялары ортомчулары жок, өздөрү өндүргөн баада сатылды. Албетте, эт да болду. Баасы 390 сомдон ашкан жок. Мындан да арзан кылуу мүмкүнчүлүгү изделип атат. 

-- Шаардын үстүн ыш басып, дем алганга кыйын болуп атат. Ушуга кандай чара көрүп атасыздар? 

-- Борборубузду ыш каптап атканы эң чоң көйгөй экени талашсыз. Ордо калаанын тургундарынын ден соолугу абдан маанилүү жана баалуу. ТЭЦтин, машиналардын, ошондой эле жаңы конуштарда жагылып аткан оттун түтүндөрү баары чогулуп, шаардын үстүндө туруп калып атат. Анын бирден-бир себеби, табияттан калыптанып, чогулуп калган түтүндөрдү айдап турчу шамалга тоскоолдук жараткан, ыраатсыз курулган көп кабаттуу турак жайлардын кесепетинен деп билебиз. Өзгөчө кыш мезгилинде бул көйгөй жаралат. Башка учурда көп байкалбайт. Ошондуктан болбоду дегенде ТЭЦтин чыпкалоочу фильтрлерин койдуруп, аны текшерүүгө алып жана машиналардын катализаторун чыгарбоого, тыюу салууга өкмөт менен биргеликте иш алпаруудабыз. Мындан сырткары, Бишкекке сапаттуу, бышып жетилген көмүрлөрдү алып келүү жагын да караштыруу керек экени биздин мэриянын көзөмөлүндө. Өзүңүздөр билгендей, сапатсыз көмүрлөрдөн, ар кандай желимдерди, синтетика аралашкан кездемелердин калдыгын отко жагуудан айлана-чөйрөнү кара түтүн каптап, аягы ышка айланат. Ошолордун баарына чара көрүп, мэриянын санитардык экология инспекциясы ушул жаатта коомчулукка коңгуроо кагып, түшүндүрмө иштерин жүргүзүп, аша чапкандарына айып пул салып иштеп атат. Бул боюнча шаар тургундарына да жеке кайрылуу жасаган элем. Көптөгөн сунуштар түштү. Быйыл мэрия алдында экологиялык кеңешме түзүлүп, көп жылдардан бери изилдөөлөрдү жүргүзүп келген белгилүү окумуштуулар, илимпоздор иш алып барууда. Быйыл кеч болуп калды, Кудай буюрса, кийинки жылдары бул ышты жеңебиз.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер